Д-р Фолькер Фробарт
Д-р Фолькер Фробарт, 20 жылдык чет-өлкөлүк тажрыйбасы бар немис дипломаты, 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы болуп дайындалды.
Буга чейин ал ЕККУнун Астанадагы Программалык кеңсесинде жетекчи катары иштеген. Ошондой эле ЕККУ Төрагалыктын өкүлү катары – Латвия-Россия Аскер пенсионерлер боюнча биргелешкен комиссиясында кызмат өтөп, кийинчерээк Германия Федеративдүү Республикасы тарабынан Таджикистан, Грузия, Латвия жана Украина мамлекеттеринде жайгашкан ЕККУнун миссияларына жиберилген.
Д-р Фробарт Германиянын Гессен аймагынын Экономика министрлигинде, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) жана Балтика боюндагы өлкөлөрү менен тышкы соода боюнча Директор катары, ошондой эле Гессен аймагынын Берлин өкүлчүлүгүндө Экономика, инфраструктура жана Европа иштери боюнча бөлүмдүн башчысы болгон. 2009-жылдан быштап 2021-жылдарына чейин д-р Фробарт Борбор Азиядагы, Германиядагы жана Афганистандагы жайгашкан Эл аралык кызматташтык агенттигинде (GIZ) жетекчилик кызматтарды ээлеп келген.
Д-р Фробарт Германиянын Киль университетинен магистр даражасын жана саясий илимдер, Чыгыш Европа тарыхы, мамлекеттик укук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн укугу боюнча адистешкен докторлук даражасын жактаган.
Анын адистиги коопсуздук, демократия, экологиялык жана экономикалык маселелерин камтыйт. Ал англис, орус жана немис тилдеринде сүйлөйт.