ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Мыйзам үстөмдүгү
Кеңсе кылмыш-жаза өндүрүшүндөгү реформалардын процессин колдоо максатында прокурорлор, судьялар, жактоочулар, милиция кызматкерлери жана жарандык коом менен кызматташат. Кеңсенин мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого байланышкан иш-чараларынын негизги ролу – жаңы мыйзамдарды, Бардык кылмыштарды бирдиктүү электрондук каттоого алууну иштеп чыгууда, укук коргоо жана сот органдары үчүн жаңы мыйзамдар боюнча окуу курстарын уюштуруп берүүдө турат. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Кеңсе мониторинг кылуунун алгачкы долбоорлорун ишке ашырат жана жарандардын адам укуктары бузулгандыгы туурасында арыздарын сот тутумуна сот учурунда даректүү акысыз кызмат көрсөтүү аркылуу тийиштүү түрдө багыттоону камсыздайт. Андан тышкары, Кеңсе өлкөнүн пенитенциардык тутумун реформалоонун комплекстүү стратегиясын ишке ашырууну колдойт. Ал ЖАМК Окуу борборун түзүүгө жардам берди. Аталган Борбор дараметти арттыруу боюнча семинарларды гана уюштурбастан, адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды илгерилетүүгө көмөктөшөт. Кеңсе адам укуктарын коргоо боюнча улуттук уюмдарга, прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына жана жарандык коомго кыйноолорго жана ырайымсыз мамилелерге каршы күрөшүү боюнча активдүү жардам көрсөтөт.