ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Тийиштүү башкаруу
Кыргызстандын экономикасы, эреже катары, накталай акчаны жүгүртүүгө жана чет жактан ири суммадагы киреше алууга негизделгендиктен, пара алуу, мыйзамсыз кирешени адалдоо жана терроризмди каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жогору болуп саналат. Мындай тобокелдиктер менен иштөө үчүн Кеңсе мамлекеттик органдардын техникалык, аналитикалык жана тергөө мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнүн, ошондой эле ушул органдардын өз ара иштешүүсүнүн сапатын жакшыртуунун үстүндө иш алпарат. Бул максатта Кеңсе Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка түздөн-түз колдоо көрсөтөт. Кеңсе ошондой эле КР Өкмөтүнүн калкка муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча демилгелерин ишке ашырууга жардам берет.