ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Коопсуздук жаатындагы реформа жана кызматташтык
Өз мандатына жана ЕККУнун коопсуздуктун аскерий-саясий аспектилерине карата жүрүм-турум кодексине ылайык, Кеңсе КР Өкмөтүнө коопсуздук тармагындагы, анын ичинде укук коргоо тутумундагы реформаларды ишке ашырууга комплекстүү жардам берет. Ошондой эле Кеңсе Кыргыз Республикасынын парламентине парламент тарабынан коопсуздук тармагына көзөмөл кылуу тутумун түзүүгө көмөктөшүп, бул максатта компетенттүү парламент комитеттеринин дараметин арттыруу боюнча атайылаштырылган жардам көрсөтөт. Ошондой эле Кеңсе Кыргыз Республикасынын парламентинин Аял-депутаттарынын форуму кабыл алган демилгелер боюнча жана облустук угууларда кеп-кеңештик жана усулдук колдоо көрсөтөт. Андан тышкары, Кеңсе Коомдук кеңештердеги укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кеп-кеңеш берип, аларга техникалык, усулдук жана логистикалык колдоо көрсөтөт.