Майлуу-Суунун өнүгүүсү үчүн туруктуу туризмди илгерилетүү

Майлуу-Суу, 2025-жылдын 16–17-октябры. - ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП)), Майлуу-Суу шаарынын мэриясы жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Майлуу-Сууну туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү» форумун уюштурду.
Форум Майлуу-Сууну тарыхый жактан уран мурасы менен белгилүү шаарды — экономикалык ар түрдүүлүктүн жана жергиликтүү коомдордун өнүгүшүнүн кыймылдаткычы катары туруктуу туризмдин маанисин белгиледи. Эко-туризмди жана маданий мурастарды өнүктүрүү аркылуу бул демилге жаңы киреше булактарын түзүүгө, туристтерди тартууга жана шаардын оң имиджин калыптандырууга багытталган.
Иш-чара Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер үчүн практикалык диалог аянтчасы болду. Катышуучулар уран мурасы жайгашкан кыргыз конуштарынын кызматташтык тармагын түзүү, чек аралык кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты. Конкреттүү сунуштардын арасында биргелешкен экотурдук маршруттарды түзүү, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу жана түштүк Кыргызстандын туруктуу туризм багыты катары жайылтуу бар.
Форумдун алкагында катышуучулар «Өтө жашыруун» деп аталган шаардык турга катышып, Майлуу-Суунун жаратылыш кооздугу, өнөр жай тарыхы жана өсүп келе жаткан туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Меймандар жергиликтүү гиддер жана ишкерлер менен баарлашып, мурдагы уран объектилерин рекультивациялоо иштерин көрүштү — бул экологиялык калыбына келтирүү менен туруктуу туризмдин айкалышып иштей алаарын көрсөттү. Форумдун жыйынтыгында катышуучулар 2025–2030-жылдарга карата Майлуу-Сууда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган кыска жана орто мөөнөттүү иш-планды камтыган резолюцияны кабыл алышты.
Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлүнүн кеңсеси, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жана Ош шаарындагы Орхус борбору менен кызматташтыкта өткөрүлдү.
ЕККУ жана БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы уран мурастарын жоюуга кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза» долбоору уран мурастарына байланышкан экологиялык жана социалдык-экономикалык коркунучтарды азайтууга, коомчулуктун катышуусуна жана туруктуу өнүгүү чараларын колдоого багытталган. Бул демилге Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жашаган аялуу жамааттардын коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган мурдагы кызматташтыкты улантат.
Европа Биримдиги жөнүндө
Европа Биримдиги — бул 27 европалык мамлекетти бириктирген экономикалык жана саясий союз. Ал адамдын кадыр-баркын, эркиндикти, демократияны, тең укуктуулукту, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын урматтоо сыяктуу баалуулуктарга негизделген. Европа Биримдиги дүйнө жүзүндө коомдордун, айлана-чөйрөнүн жана экономиканын туруктуу өнүгүшүн колдоп, бул прогресстен ар бир адам пайда көрүшүн камсыз кылат.