Кыргызстандагы ЕККУнун Программалык кеңсеси парламент кызматкерлеринин дареметин жогорулатууга жардам берет
27 - 28-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин аппаратынын 30 мамлекеттик кызматкери кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча машыгуулардын сериясынын алкагында биринчи окуу курсун аяктады. Окуу курсу саясатты иштеп чыгуу үчүн стратегиялык документтерди жана отчетторду чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо үчүн зарыл болгон аналитикалык көндүмдөрдү андан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Катышуучулар ошондой эле SWOT жана PEST анализдерин колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү, өзгөрүүлөрдүн теориясын, маалыматтарды чогултуу жана мониторинг жана баалоо боюнча көрсөткүчтөрдү системалаштыруу боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.
Программалык кеңсенин Аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Александр Елисеев белгилегендей, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси мындан ары да мамлекеттик кызматкерлердин дареметин жогорулатууга колдоо көрсөтүп, муну менен парламенттин ишинин натыйжалуулугуна жана өлкөдө демократиялык башкарууну бекемдөөгө салым кошот.
Кыргызстанда демократиялык башкарууну бекемдөөнүн алкагында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу жана «Жарандык платформа» коомдук фонду менен тыгыз кызматташтыкта бир катар окуу курстары уюштурулду.