ЕККУнун Бишкектеги борбору кыргыз жана тажик коомуна маалымат бюллетендерин чыгарууну колдойт
БАТКЕН, Кыргызстан, 28-декабрь 2012 – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд областарынын кошуна айылдарынын тургундарына маалымат бюллетендери чыгарылды.
Аталган бюллетендер кыргыз, тажик жана орус тилдеринде чыгарылды. Бюллетендер аталган аймакта жашаган элдердин тарыхый жана маданий жакындыгын баса белгилөөгө жана толук чектелбеген чек арадагы жашоонун укуктук жана практикалык багыттарын чечүүгө умтулат.
Чек аранын эки жагында жашаган тургундарга 5000ге жакын нускалар таратылат.
ЕККУнун Оштогу офисинин башчысынын милдетин аткаруучу Юлия Минаева мындай деди: “ЕККУнун Бишкектеги борбору чыр-чатактын келип чыгышын түп тамырынан жок кылууга багытталган кеңири ишмердик менен алектенет.
Бул бюллетен маалымат менен алмашууга колдоо көрсөтөт. Ал эми анын чыгарылышы Баткен жана Согд областарынын бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомунун өкүлдөрүнүн жана журналисттердин катышуусу менен ишенимди бекемдөөдө маанилүү болуп эсептелет.”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков мындай деди: “Мен бюллетендер бир тууган кыргыз жана тажик элдерине көпүрө катары кызмат кыларына ишенем. Менин оюмча, эки областын тарыхындагы бул маанилүү кадам чек арага жакын жайгашкан жарандардын кабардар болуусу үчүн жасалды. Биз бул бюллетендердин жардамы менен эки элди жакындатып, алардын ортосундагы достукту бекемдей алабыз деп ойлойм.”
ЕККУ борбору Баткен жана Согд областарынын жарандарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө жана региондогу тынчтык менен стабилдүүлүктү камсыз кылууга болгон чек аралык демилгелерди колдоону улантат.