ЕККУтүрмөлөрдөгү экстремизм жана радикализацияга каршы чара көрүүгө көмөктөшөт.
Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү терроризмге алып келүүчү экстремизм жана радикализацияга каршы аракет көрүү жолдору 2012-жылдын 19-ноябрында Бишкекте башталган, эки күндүк семинарда талкууга алынды. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы менен биргеликте уюшулду.
Семинардын максаты – экстремисттик жана радикалисттик тенденцияларды аныктоо жана аларды алдын-алуу боюнча пенитенциардык системанын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле, терроризмге алып келүүчү жүрүм-турум жана кылык-жоруктарды аныктоо болду. Иш-чаранын катышуучулары жогоруда айтылган аракеттерди көрүү аркылуу, адам укуктарына байланышкан маселелерди чечүү жолдорун да карап чыгышат.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 35ке жакын кызматкерлери башка мамлекеттерде колдонулуучу тийиштүү практикалык методикалар менен таанышып, Кыргызстандын азыркы абалы боюнча маалымат менен алмашууга мүмкүнчүлүк алышат. Семинарга Кыргызстан, Россия, Казахстан жана БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын эксперттери катышат.