ЕККУ Кыргызстандын Ички Иштер Министрлигине кичи автобустарды тартуулады
БИШКЕК, 28-октябрь 2011-жыл. Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнө эки кичи автобус тартуулады. Бул кичи автобустар Кыргызстандын түштүгүндөгү Камбар-Ата 2 гидроэлектростанциясындагы коопсуздукту сактоодогу оперативдик мүмкүнчүлүктү жогорулатуу үчүн арналды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер бул тартуулоо жөнүндөгү макулдашууга кол койгондон кийин мындай деди: “ Биз бүгүнкү тартуулоо жана инфрастуктуранын объектилерин коргоого милдеттүү болгон Ички аскерлер бөлүгүнө мурда өткөрүлгөн окутуу, ГЭСтин коопсуздугун коргоого болгон ИИМдин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Себеби, ГЭС Кыргызстандагы жана чет жактагы колдонулган электроэнергияны өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар маанилүү элементтерге ээ”.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлер бөлүгүнүн башчысы, генерал Совет Арбаев мындай деп белгиледи: “Мен, ЕККУ тарабынан берилген техникалык жардам жана окутуу- Кыргызстанга маанилүү болуп эсептелген энергетикалык объектинин, Камбар- Ата 2 ГЭСинин коопсуздугун сактоодогу биздин кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадамдар деп эсептейм”.
Кичи автобустар ЕККУнун Бишкектеги борборунун энергетикалык инфраструктуранын маанилүү объектилерин коргоо боюнча долбоорунун алкагында тартууланды.
Буга чейин үстүбүздөгү жылы, ЕККУ Ички аскерлерге Камбар-Ата 2 гидроэлектростанциясынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн байкоочу видео жабдууларды тартуулаган.