ЕККУ Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлерине оперативдик маалымат анализи боюнча тренинг өткөрүүдө
БИШКЕК, 20- октябрь 2011-жыл – Бүгүн Бишкекте ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан уюшулган оперативдик маалымат анализи боюнча эки жумалык окутуу курсу башталды.
Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети, Чек ара кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы жана Баңгизат көзөмөлдөө Агенттиги сыяктуу күч органдарында иштеген 20 катышуучу оперативдик маалымат анализи боюнча теоретикалык жана практикалык билимин жогорулатышат:
Бул интерактивдүү тренингдерди Улуу Британиядан келген окутуучу иштеп чыккан жана өтөт. Ал күч органдарынын аналитиктеринин Ассоциациясынын мүчөсү болуп эсептелет. Курс критикалык жана логикалык ой-жүгүртүү, ассоциациялык жана маалымат булактарынын анализи, стратегиялык анализ, маалымат топтому жана маалыматты башкара билүү сыяктуу темаларды камтыйт.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “ Бул тренингдер Кыргызстандын күч органдарына оперативдик маалымат анализи боюнча заманбап методдорду колдонууда гана жардам бербестен, алардын ортосундагы кызматташыкты жакшыртууга да жардам берет”.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Эл-аралык Кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Бакытбек Алишеров мындай деп белгиледи:” Аталган окутуу курсу өз убактысында уюшулду жана КРнын бажы кызматынын кызматкерлерине арналган 2012-жылдын январь айында башталуучу окутуу курсуна керектүү. Окутуу аягына чыкканда, оперативдик жана башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жетекчилигине жыйынтык тапшырышат. Ал эми жетекчилик ,өз кезегинде, жыйынтыкты анализдеп жана КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын окутуу программасына оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондуктан, “окутуучулардын тренинги”форматында өткөн бул жана кийинки курс азыркы окуу планын жаңылоого жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү колдонулуп жаткан практика жүзүндөгү эң мыкты ыкмаларды колдонуу аркылуу, ошондой эле заманбап жана натыйжалуу методикалар аркылуу жогорку деңгээлге жеткирүүгө жардам берет”.