ЕККУнун миграция боюнча үчүнчү изилдөөсүнүн жыйынтыктарын Бишкекте көрсөтүлөт жана эффективдүү регионалдык маалымат жыйнагын түзүлүүсү талкууланат
БИШКЕК, 31-март 2011 ж. – Бүгүн Бишкекте ЕККУ жана Эл аралык Миграция Уюму тарабынан Кыргызстандагы миграция боюнча маалымат жыйнагынын алдын ала жыйынтыктары жана сунуштары презентацияланды. Бул презентация миграция менен иштешкен өкмөт кызматкерлер жана саясатчыларга арналган.
Мындай изилдөө Орто Азияда үчүнчү болуп эсептелет жана Тажикистандагы, Казакстандагы январь жана февраль айларында өткөн изилдөөлөргө ылайык. Бул изилдөө мындан чоңраак Казакстан, Кыргызстан жана Тажикистан мамлекеттеринде маалымат жыйноо процессин эффективдүү болуусун колдоо долбоордун бөлүмү. Бул долбоор 2009-жылындагы өткөн ЕККУнун Министрлердин миграцияны башкаруу Кеңеши чечиминин уландысы. Долбоор миграция жыйнагынын салыштыруу маалыматын жакшыртуу максатын койот. Бул максат диалогту орнотууга олуттуу жардам берет жана ЕККУ денгээлинде эң жакшы тажрыйбаларды алышууга мүмкүн болот.
Бул чара ЕККУнун экономика жана экология иштери боюнча бюросу жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун тарабынан жана Эл аралык миграция Уюмунан колдонуп уюштурулган.
Майрамбек Бейшенов, КРнын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин астындагы миграцияны жөнгө салуу департаментинин башчысы, мындай деп айтты: «Миграция – бул калктын жөнөкөй эле бир жерден башка жерге көчүү кыймылы эмес, ал татаал коомдук процесс. Бул процесс элдин социалдык, экономикалык, маданият жактарына таасир этет. Ошондуктан биздин максатыбыз мыйзамдарды кабыл алуу менен, Кыргызстандык мигранттарды коргоо, алардын башка малекетте мыйзамдуу жумушка орношуусуна жардамдашуу болуп эсептелет. Объективдүү маалыматтарды чогултуу миграция саясатын эффективдүү жүргүзүүсүнө жардам берет.»
Эндрю Тесорьер, ЕККУнун Бишкектеги Борборунун башчысы: «Орто Азиядагы миграция процесси катуу болуп жатат. Миграция ар бир адамга жана мамлекеттин экономикасына жакшы таасир берет. Миграциядан максималдуу эффект алуу үчүн анын көйгөйлөрүн чечүү керек жана так маалымат алуучу бирдиктүү башкаруу системасын иштеп чыгышы керек. Бул тема бир нече катар жолугуулардын негизгиси болуп Кыргызстан, Казахстан жана Тажикистан мамлекеттеринин өкмөт кызматкерлеринин катарынан туура жана текшерилген маалыматтарды чогултуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу болот», деп айтты.
Бермет Молдобаева, Эл аралык Миграция Уюмунун Кыргыз Республикасындагы миссиянын жетекчиси: «Ишенимдүү жана туура маалымат миграциянын тенденциясын изилдөөгө жардам берет. Ал мамлекетке эффективдүү миграция саясатын жүргүзүүгө жана миграцияны башкарууга мүмкүнчүлүк болот. Кыргызстан азыркы учурда бул чөйрөдө башкы этабында жүрсө дагы, мамлекетте миграция процесстеринин жөнгө салуунун түпкү системасы киргизилген».
Маалыматтарды чогултуу иштеринде ийгиликтүү чогуу иштешүү үчүн, иш-аракеттер, Европалык экономикалык комиссия, Эл аралык эмгек Уюму, БУУнун экономика жана социалдык суроолор боюнча Департаментинин калк бөлүмү, сыяктуу эл аралык уюмдар менен координацияланып туруш керек.
Υч мамлекеттин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы, маалымат чогултуу документтердин үлгүлөрү жана рекомендациялар окуу китеби түрүндө басылып чыгарылат. Ал окуу китеби Венадагы июнда боло турган регионалдык конференциясында көрсөтүлөт.