Кыргызстанда “Климат – Тоолор – Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагери башталды
Кызыл-Суу, 2025-жылдын 22-августу – Кыргызстандын ар кайсы жерлеринен келген 20дан ашуун катышуучу, Кызыл-Сууда “Климат-Тоолор-Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагерине чогулушту. Бул лагерди ишке ашырган ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш аракеттердин беш жылдык ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын Президенттин атайын өкүлүнүн кеңсеси, Тянь-Шань бийик тоо илимий борбору, Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясы жана “жашыл экономика үчүн Кыргызстандын студенттери” коомдук жаштар уюму менен биргеликте уюштурду.
Сегиз күндүк жайкы лагерь жаш лидерлерге климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемалары жана туруктуу өнүгүү боюнча билим алууга, тажрыйба топтоого жана ой-пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Интерактивдүү семинарлар, талаа изилдөөлөр жана муз, суу жана жайыт боюнча практикалык сабактардын жардамы менен катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы айлана-чөйрөгө жана коомчулукка тийгизген түз таасирлерин изилдеше алышат.
Расмий ачылыш аземине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Алексей Рогов, Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова, Тянь-Шань бийик тоо илимий борборунун директору Руслан Сатылканов жана Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясынын Президенти Эдуард Кубатов катышты. Алар жаштарга климаттык иш-аракеттерге жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө активдүү катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетишти.
Программанын алкагында төмөнкүлөр:
- Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү көзөмөлдөө илими боюнча окутуу;
- Жогорку бийиктиктеги изилдөө станцияларына жана Ысык-Көл көлүнө экскурсиялар жана талаа изилдөөлөр;
- Суунун сапаты, биологиялык ар түрдүүлүк жана жайыттардын бузулушу боюнча практикалык изилдөөлөр;
- Туруктуулук көндүмдөрүн куруу үчүн аска-зоолорго чыгуу жана тоо коопсуздугу боюнча окутуу;
- Жаштардын үнүн күчөтүү үчүн Чыгармачыл Сессиялар, анын ичинде көркөм терапия жана ачык сүйлөшүүлөр камтылат.
Жайкы лагерь жаштар үчүн илим, практика жана коомчулук менен байланышуу үчүн уникалдуу платформа болуп саналат. Кыргызстандын тоолуу ландшафтындагы талаа изилдөөлөрдү жана сессияларды айкалыштыруу менен, бул демилге жаштарга туруктуу чечимдерге салым кошуу үчүн билим берип, алдыга умутлганга шыктандыра берет.
Бул иш-чара ЕККУнун климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, экологиялык коопсуздукту чыңдоо жана жаштарды колдоо боюнча тынымсыз аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.