Программный офис ОБСЕ в Бишкеке содействует Пограничной службе ГКНБ КР в укреплении готовности к реагированию на взрывоопасные угрозы.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси УКМКнын Чек ара кызматына жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча даярдыкты жогорулатууда колдоо көрсөттү
2025-жылдын 25–29-август күндөрү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси АКШ Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын он адиси үчүн Ош шаарындагы Окуу борборунда жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу (EOD) боюнча атайын тренинг өткөрдү. Максат – эл аралык стандарттарга ылайык EOD-командалардын жарылуучу коркунучтарга коопсуз жана натыйжалуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
Бул иш-чара «Кыргыз Республикасынын чек арасынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз өткөрүүнүн тобокелдиктерин азайтуу» аттуу Окуу иш-чарасына катышуучулар бюджеттен тышкаркы долбоордун алкагында өткөрүлдү. Беш күндүн ичинде катышуучулар жаңы жабдууларды колдонуу жана жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Практикалык машыгуулар аркылуу адистер алган билимдерин реалдуу шарттарга жакын кырдаалдарда колдонуп, талаа шарттарында иш алып баруу жөндөмүн бекемдешти.
Бул тренинг УКМКнын Чек ара кызматынын эл аралык стандарттарга ылайык EOD-операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын кыйла жогорулатты. Fondation Suisse de Déminage менен кызматташтыктагы кийинки окутуу 2025-жылдын экинчи жарымына пландалууда.