Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз

Бишкек, 2025-жылдын 1-сентябры — Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси Германиядан келген д-р Фолькер Фробарттын Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз.
Д-р Фробарт эл аралык кызматташтыкта, дипломатия чөйрөсүндө жана коопсуздук маселелеринде жыйырма жылдан ашуун тажрыйбага ээ. 2021–2025-жылдары ал Ал буга чейин Астанадагы ЕККУнун Программалык кеңсесин жетектеп, ошондой эле ЕККУнун Грузия, Латвия, Таджикистан, жана Украина мамлекеттеринде жайгашкан миссияларында жетекчилик орундарын ээлеп келген.
Анын бул аймактагы адистиги 2009–2021-жылдары Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомундагы (GIZ) жетекчилик кызматтарында иштеген учурунда да кеңейген. Ал мезгилде Кыргызстанда, Казакстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө ар кандай долбоорлорду жетектеген.
Мындан тышкары, д-р Фробарт Германиянын Гессен федералдык жеринин Экономика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал жерде ал КМШ жана Балтия өлкөлөрү менен тышкы соода боюнча директор, ошондой эле Гессендин Берлиндеги өкүлчүлүгүндө Экономика, инфраструктура жана Европа иштеринин бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ал Германиянын Киль университетинен саясий илимдер, Чыгыш Европанын тарыхы, мамлекеттик укук жана Чыгыш Европанын укугу боюнча магистр жана докторлук даражасына ээ. Немис, англис жана орус тилдерин эркин билет.
Д-р Фробарттын Борбор Азияны терең түшүнүүсү жана дипломатиялык тажрыйбасы Кыргызстанда ОБСЕнин коопсуздукту, жакшы башкарууну, айлана-чөйрөнү коргоону жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча ишмердигин колдойт.
ОБСЕ д-р Фробарттын жетекчилиги астында мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр менен бекем кызматташтыкты улантууну күтөт.