ЕБ жана ЕККУ Борбордук Азиянын уран калдыктарын тазалоо боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө колдоо көрсөтүүдө

Худжанд, 2025-жылдын 18-июлу - 2025-жылдын 17–18-июлунда Тажикстандын Худжанд шаарында, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен тыгыз өнөктөштүктө жана Европа Биримдигинин (ЕБ) каржылык колдоосу менен Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген Орхус борборлору жана негизги кызыкдар тараптардын аймактык координациялык жыйынын өткөрдү. Бул иш-чара “Борбордук Азияда уран калдыктары боюнча тобокелдиктерди жоюуда кызыкдар тараптарды тартуу” (III фазасы) долбоорунун алкагында өтүп, аймактык кызматташтыкты жана элге багытталган чечимдерди бекемдөөгө арналды.
«Биздин долбоор — бул эл аралык уюмдар, улуттук мекемелер, эксперттер коомчулугу жана эң маанилүүсү — жарандардын ортосундагы болгон туруктуу өнөктөштүктүн уникалдуу мисал экенин баса белгилеп кетишибиз керек», — деди Элчи Алексей Рогов, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстандын Орхус борборлору жана окшош уюмдары 2025–2027-жылдарга карата үч тараптуу кызматташуу тууралуу Меморандумга жана кызматташуу планына кол коюшту. Бул аймактык деңгээлдеги уран калдыктарын тазалоо иштеринде жана уран казып алынган аймактардагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган аракеттерде жакшыраак координацияны камсыздоого жол ачат. Орхус борборлорунун негизги максаты - жарандарды, мамлекеттик органдарды жана жеке секторду экологиялык маселелерди чечүүгө тартуу үчүн аянтча түзүү болуп эсептелинет.
«Бүгүнкү күндө 2025–2027-жылдарга карата Орхус борборлорунун биргелешкен планы жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлушу — узак мөөнөттүү кызматташтыкка олуттуу кадам. Мындай демилгелер Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт деп ишенем», — деп кошумчалады ЕККУнун Душанбе шаарындагы Программалык кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучусу Татьяна Туркан.
Жыйын ошондой эле Оштогу (Кыргызстан), Худжанддагы (Таджикстан) Орхус борборлорунун жана Өзбекстандын Спорт жана экотуризм федерациясынын жалпы ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн да платформа болду. Улуттук радиациялык коопсуздук органдарынын, ЕККУнун талаа миссияларынын, ЕБнин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү жетишилген ийгиликтерди баалоо, кызматташууну күчөтүү жана максаттарды биргеликте ишке ашыруу үчүн чогулушту. Иш-чаранын алкагында аймактык объекттерге баруу жана коомдук демилгелер, жашыл инфраструктура жана экологиялык коопсуздук боюнча тажрыйба алмашуулар дагы болду.
«Бул долбоордун бардык катышуучуларын жалпы кызыкчылыктары менен бириктирет. Биз чогуу иш алып барып, Борбордук Азия эли үчүн коопсуз, ынтымактуу жана туруктуу келечекти камсыз кылууга аракет кылабыз», — деди доктор Зильке Клевер, Экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы, ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору
«Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр мамлекеттик чек аралардан чыгып жатат. Орхус борборлорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум жалпы чечимдерди табуу жана ишке ашыруу жолундагы дагы бир маанилүү кадам. Биз бул демилгени каржылап жаткандыгыбызга сыймыктанабыз жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана ЕБнин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты байкап жатканыбызга сыймыктанабыз», — деп белгиледи ЕБнин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Вим Риепма.
Координациялык жыйын ЕККУнун экономика-экологиялык департаменти тарабынан ЕККУнун Душанбедеги, Бишкектеги жана Өзбекстандагы талаа миссиялары менен биргеликте, Өзбекстандагы ЕБ делегациясынын катышуусунда уюштурулду.
ЕБнин каржылык колдоосу менен ЕККУ жана БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда уран калдыктары боюнча тобокелдиктерди жоюуда кызыкдар тараптарды тартуу” долбоорунун III фазасы - инклюзивдүү диалог, коомдук катышуулар жана коомдорду туруктуу өнүктүрүү жолу менен уран объектилерине байланыштуу экологиялык жана социалдык-экономикалык тобокелдиктерди азайтууга багытталган бир долбоор. Бул биргелешкен демилге мурдагы аракеттердин уландысы катары коомду өнүктүрүүгө жана активдүү катышууга шарт түзөт.