Санарип лидерликти жана киберкоопсуздукту чыңдоо: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мамлекеттик органдардын жетекчи орун басарлары үчүн семинарын өткөрдү
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. | 2025-жылдын 10-июлу - ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта мамлекеттик органдардын жетекчи орун басарлары үчүн санариптик лидерликти жана киберкоопсуздук жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталган бир күндүк семинарын өткөрдү. Бишкекте өткөн бул иш-чарага өлкөнүн ар кайсы мамлекеттик мекемелеринен 90го жакын жетекчи-кызматкерлер катышты.
Бул демилге - мамлекеттик башкарууда санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана коопсуз санариптик трансформацияны колдоого багытталган ЕККУнун кеңири аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Семинардын программасынын алкагында киберкоопсуздук, электрондук документтерди жана IT-долбоорлорду башкаруу сыяктуу маанилүү темаларды камтып, аларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тарабынан келген адистери окутту.
Семинардын негизги бөлүгү болуп кибер-гигиена боюнча атайын маалымат сабагы өтүлдү. Ал заманбап кибер чабуулдардын мисалдарын, кибер алдамчылардын психологиялык портреттерин жана расмий иштерде жасалма интеллект технологияларын колдонууга байланыштуу тобокелдиктерди талкуулоону камтыды. Катышуучулар ошондой эле жеке жана мекемелик киберкоопсуздук боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жана изилдечү кейстерди алышты.
«Бүгүнкү семинар - заманбап кибер коркунучтар, коргонуу каражаттары жана эл аралык практикалар жөнүндө заманбап билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияланган мамилелерди өнүктүрүү үчүн аянтча болуп эсептелинет. Өз ара аракеттенүүсүз, тажрыйба алмашуусуз жана жалпы стратегиялык көз карашсыз туруктуу санариптик коопсуздукка жетишүүгө мүмкүн эмес», - деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, киберкоопсуздук - бул натыйжалуу санариптештирүүнүн жана мамлекеттик башкаруу реформасынын негизги өзөгү экендигин баса белгилейт. Жогорку мамлекеттик кызматкерлерге керектүү көндүмдөрдү жана маалымдуулукту берүү менен, бул демилге туруктуу, ачык-айкын жана коопсуз санариптик башкарууну түзүүгө салым кошот.