«Create4 Caravan Osh» фестивалы ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстандын жаратуучуларын жана ишкерлерин бириктирди
2024-жылдын 5-июнунда Ош шаарында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан колдоого алынган «Create4 Caravan Osh» фестивалы болуп өттү. Фестивалга Кыргызстандын жаратмандары жана ишкерлери катышты.
«Create4 Caravan Osh» фестивалынын негизги максаты - идеялар жана тажрыйба менен алмашуу, жаңы таанышууларды калыптандыруу, чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн платформаны иштеп чыгуу.
Форсайт сессиясынын алкагында 80 ишкер жол карталарын иштеп чыгышты. Ошондой эле фестивалга Ош шаарынын 150 тургуну катышып, талкууларга катышып, тематикалык тасмаларды көрүштү.
Create4 - бул чыгармачыл экономиканы өнүктүрүүнү колдогон уникалдуу платформа. Бул платформа 2022-жылы Кыргызстандагы Чыгармачыл тармактар ассоциациясы жана ПРООН тарабынан демилгеленген. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси фестивалдын расмий өнөктөшү катары болуп келет.14:56