ЕККУ Кыргызстандын студенттерин баңгизатка каршы күрөшкө тартууда
2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн тегерек стол уюштурду. Талкуунун негизги темасы “Жаштар арасында баңгизаттарды колдонууну алдын алуу” болду.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Чолпон Табалдиева жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улуттук консультанты Шамшыбек Мамыров студенттер арасында баңгизатка каршы мамилесин калыптандыруу максатында сергек жашоо образы боюнча лекциясын окушту. Тегерек столдун күтүлгөн натыйжасы: катышуучу студенттер баңги заттарды колдонуунун терс таасирлери жөнүндө билим алышат.
Студенттер мындан ары бул билимди теңтуштарына жайылтышы күтүлүүдө. Демилге жаштар арасында баңги заттарын колдонуу менен байланышкан көйгөйлөр жөнүндө түшүнүгүн жогорулатууга багытталган.