Жаңылыктар
ЕККУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин институттук потенциалын бекемдөөдө
1 ноября 2023
2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ош шаарында модернизацияланган эки окуу кабинетинин ачылышын белгиледи. Бул жаңыланган объектилер ок-дарыларды туура сактоонун жана техникалык тейлөөнүн маанилүүлүгүнүн далили гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоого жасалган олуттуу кадам болуп саналат.
Ок-дарылардын сакталышын жана туура тейлөөнү камсыз кылуу олуттуу мааниге ээ. Бул контекстте, бул жаңыланган класстар ок-дарыларды ташуу жана сактоо боюнча маанилүү курстарды өткөрүүдө негизги ролду ойнойт.
Интенсивдүү 2-жумалык окуу курстар Германия Федеративдүү Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн эксперттери тарабынан өткөрүлөт жана Эл аралык ок-дарылардын техникалык көрсөтмөлөрү (IATG), БУУнун "Orange Book" - Кызгыл сары китеби, Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык ташуу боюнча макулдашуу колдонмолор, жана ЕККУнун заманбап практикалык колдонмолор стандарттарына ылайык келет.
Коргоо министрлигинин жалпысынан 40 адиси катышкан бул биргелешкен аракет алардын ок-дарыларды колдонуудагы жөндөмдүүлүгүн жана тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. “Коргоо министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы бул өнөктөштүк аскердик адистердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат жана ок-дарыларды коопсуз тейлөөнү камсыздайт, ошону менен Кыргызстандын коопсуздугуна жана коопсуздугуна салым кошот." - деп белгиледи Александр Елисеев мырза, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий департаментинин башчысы. Бул класстарды оңдоп-түзөө жана курстарды ачуу ЕККУнун мандатына ылайык ок-дарыларды сактоо жана ташуу практикасын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналып, Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна салым кошот.
* Бул демилге Германия жана Швейцария тарабынан колдоого алынган «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аткыч куралдарды жана жеңил куралдарды, ок-дарыларды тейлөө потенциалын жакшыртуу» долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын бир бөлүгү.