Кыргызстан менен ЕККУ саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында киберкоопсуздукту биргелешип бекемдөөдө
Бишкек, Кыргызстан, 24-25 октябрь – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында киберкоопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана киберкоопсуздук боюнча маалымдуулукту күчөтүүгө багытталган 2 күндүк тренинг өткөрдү.
Тренингдин максаты - маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуунун эң маанилүү принциптери жана ыкмалары жаатында катышуучулардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Андан сырткары, тренинг адамдардын онлайн чөйрөдө туш болушу мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Тренингге санариптик эксперттер катышып, кибергигиена, жасалма интеллект технологияларын колдонуу жана саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында маалымат тутумунун коопсуздугу сыяктуу чөйрөлөрдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Маалыматтык технологиялардын тез өнүгүү доорунда жана анын күнүмдүк жашоого тынымсыз интеграцияланышында, киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселеси олуттуу мааниге ээ. Реалдуу кибер-коркунучтар тынымсыз өзгөрүп турат, ошондуктан мамлекеттик органдар жана мекемелер купуя маалыматты коргоодо кыраакы болушу керек. Киберчабуулдар барган сайын татаалдашып бараткандыктан, мамлекеттик органдар санариптик инфраструктурасын коргоого ыңгайлашуусу керек, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү системалары да маанилүү. Санариптик доордо маалыматтардын коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу коомдук ишенимди жана улуттук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен мындан аркы кызматташууга умтуларын ырастады. Бул кызматташуу ЕККУнун Ар-тараптуу коопсуздук моделинин негизинде киберкоопсуздук чараларын күчөтүүнү камтып коопсуз жана туруктуу санариптик чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.