Кыргызстанда ЕККУнун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү бангизаттарды табуу боюнча Кинологиялык сынагы алып барылды
Бишкек шаарында 2023-жылдын 18-20 октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүүчү Кинологиялыксынагы алып барылды. Милиция күнүнүнө арналган сынакка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөөшү кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышты.
Бул мелдешүүнүн башкы максаттары:
Кесипкөйлүктү жогорулатуу: Сынак мамлекеттик органдарда иштеген кинологтордун кесипкөйлүгүн жогорулатууга багытталды. Сынактын негизги максаты - мыкты кинологторду жана алардын кызматтык иттерин аныктоо.
Кызматтык иттердин жөндөмүн жогорулатуу: Мелдештер кызматтык иттердин кинологтор менен биргеликте натыйжалуу иш алып баруусун жогорулатууга багытталып жөндөмдөрүн күчөтүүго салым кошту.
Билим алмашуу жана инновацияларды киргизүү: Мелдештер кызматтык иттерди үйрөтүүдөгү тажрыйба алмашуу жана кинологиядагы алдынкы ыкмаларды киргизүүгө багытталды.Командалар ар кандай критерийлер менен бааланды. Алардын ичинде - унаалардан, багаждардан, имараттардан жана адамдар көп жерлерден адаштыруучу жыттар менен жашырылган бангизаттарды ийгиликтүү табуу сынактар болду.
Мелдештер кинологтордун кесипкөйлүгүн жана кызматтык иттердин жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойноду. Андан тышкары алардын бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүндө ар кандай жагдайларда натыйжалуу жооп берүүсүн күчөттү.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси өз мандатынын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен бирге коопсуздукту бекемдеп, бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүү жана аткезчиликке каршы күрөөшүүдө кызматташтыгын улантууда.