ЕККУ Кыргыз Республикасын электрондук коммерция өнүктүрүүнүн жолдорун түзүүдө колдоо көрсөтөт
Бишкек, 2023-жылдын 6-7-октябры – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Электрондук коммерция “E-Commerce” жана экспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жана Кыргызстандагы белгилүү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.
Тренингте экспортту илгерилетүү тармагына өзгөчө басым кылынып, E-Commerce жана мамлекеттик саясаттын ортосундагы синергия талкууланды. Ошондой эле, талкуулар глобалдык E-Commerce тенденцияларына арналды. Бул тенденциялар Кыргыз Республикасы менен өзгөчө стратегиялык байланышы бар рыноктор үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү, Түркия, Өзбекстан жана ЕБ өлкөлөрү үчүн актуалдуу.
Экспортчуларга өкмөт тарабынан колдоо долбоорлорун көрсөтүү үчүн реалдуу жана натыйжалуу мисалдар тартууланды. Андан сырткары, катышуучулар эл аралык E-Commerce платформалары үчүн инновациялык кызматтарды иштеп чыгуу максатында мээ чабуулу (brainstorming) сессияларына катышышты.
ЕККУнун Соодага көмөктөшүү жана экспортту илгерилетүү боюнча кеңири долбоорунун бир бөлүгү катары тренинг Кыргыз Республикасына эл аралык соода маселелерин чечүүдө колдоо көрсөтүп, ошону менен экономикалык өсүштү жана туруктуулукту камсыз кылууга салым кошууда.