ЕККУ Кыргызстандын жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунун дареметин жогорулатуу аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү аракеттерин колдойт
2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Жалал-Абад жана Ош облустарынан 160тан ашык катышуучу ЕККУнун колдоосу менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча бир катар тренингдерге катышты.
Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси “Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Абад” бейөкмөт уюму менен тыгыз кызматташтыкта 2021-жыл бою дареметти жогорулатуу боюнча сессияларды уюштурууда. Алар жергиликтүү экономиканы чыңдоо үчүн жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунун (ЖӨБ), өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жана ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
2021-жылдын 10-августунда өткөрүлгөн акыркы тренингдердин бирине Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинен жана аткаруу түзүмдөрүнөн 17 катышуучу катышты.
Сессия жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоордук сунуштарды натыйжалуураак баалоо жана тандоо үчүн катышуучуларга билимдерин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө жардам берүү максатын көздөдү. Тактап айтканда, алар жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу, тиешелүү экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери, муниципалдык-жеке өнөктөштүк механизмдери жана салык салуу жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Катышуучулар ошондой эле жергиликтүү өнүктүрүү фонддору өз бюджеттерин кантип пайдаланып жаткандыгы боюнча кемчиликтерди жоюу жана оңдоо жолдорун изилдешти. КР Экономика жана Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015 - 2018-жылдар аралыгында Кыргызстандагы 43 жергиликтүү өнүктүрүү фондуна 22 миллион долларга жакын каражат түшкөн, бирок болгону 15 миллион АКШ долларын жумшаган, бул жеткиликтүү бюджеттин 66,7% түзөт.
2019-жылы жергиликтүү бейөкмөт уюм тарабынан бул дал келбестиктер боюнча жер-жерлерде жүргүзүлгөн изилдөө мындай кемчиликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жеке ишкерлердин туруктуу жана актуалдуу долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинин натыйжасы болушу мүмкүн деген тыянакка келген. ЕККУнун окуу сессиялары бул кемчиликтерди жоюунун жолдорун табууга жардам берүү максатында уюштурулган.