Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Баткен облусуна иш сапары менен барды
2021-жылдын 26-29-июлунда Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргызстандын Баткен облусуна иш сапары менен келди. Ал жергиликтүү өнөктөштөр менен жолугуп, алардын өнүгүү артыкчылыктары жана муктаждыктары менен таанышып, кызматташуунун негизги багыттарын талкуулады.
Иш сапардын алкагында Рогов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, президенттин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушту. Алар ЕККУнун Баткен облусундагы Программалык кеңсесинин программалык иш-чараларын, анын ичинде чек ара коомчулугунда ишенимди бекемдөөгө, жергиликтүү бизнести колдоого, трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүгө, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана кырсыктардын тобокелин азайтуу аракеттерин талкуулашты.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов менен болгон жолугушууда алыскы аймактардагы коомдук тартипти сактоо иштеринин алкагында жергиликтүү милициянын ыкчам кабылдамаларынын иши талкууланды. ЕККУнун туруктуу колдоосу менен Кыргызстанда 2011-жылдан бери милициянын ыкчам кабылдамалары иштеп келет жана COVID-19 пандемиясынын учурунда өз баалуулугун көрсөттү. Рогов УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен жолугушууда программалык кеңсенин ишенимди бекемдөө иш-чараларына, анын ичинде чек ара өкүлдөрүнүн жолугушууларына колдоо көрсөтүү жана уюмга колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин чек арачыларынын ортосундагы футбол боюнча мелдештерди өкөрүү боюнча иштер да талкуунун чордонунда болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Орозбек Пазылов менен жолугушууда климаттын өзгөрүшүнүн коопсуздукка тийгизген таасири талкууланып, кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча ЕККУнун Программалык кеңсесине келечектеги колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен артыкчылыктар каралды.
Рогов ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү, атап айтканда, 2011-жылдан бери Бишкектеги Программалык кеңсе тарабынан колдоого алынган Аялдардын демилгелүү топторунун жана «Ensand Diamond» бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү менен жолугушту.
Рогов ошондой эле Баткен шаарындагы Ишкерликти колдоо борборуна жана Баткен жана Лейлек райондорундагы төрт ишкер айымдын ишканаларына барды. Ишкерлер ЕККУнун колдоосун грант түрүндө, өз бизнесин ачууга жана бизнес-пландарды түзүүгө жардам алышкан.
Лейлек районунда Рогов облус башчысынын орун басары Абдирашид Ташбалтаев менен жолугуп, өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча Программалык кеңсенин жардамын талкуулады.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Рогов Программалык кеңсенин Баткен облусундагы иш-чараларын Программалык кеңсенин мандатынын алкагында жана Кыргызстандын артыкчылыктарына жана ЕККУнун милдеттенмелерине ылайык мындан ары да колдоого даяр экендигин билдирди.