ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту

2021-жыл 3-июнь, БИШКЕК – Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган жетекчиси Алексей Рогов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУ менен Кыргыз Республикасынын мындан аркы кызматташтыгы боюнча пикир алышты. Атап айтканда, сот системасын жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү, жашыл жана санариптик экономиканы өнүктүрүү, экология маселелерин камтыган ЕККУнун Кыргызстандагы долбоорлорунун мүмкүн болуучу багыттары талкууланды.
Министр Казакбаев Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Роговго жаңы Конституция жакында кабыл алынгандан кийин жүргүзүлүп жаткан улуттук реформалар, мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу боюнча маалымат берди. Ал мамлекеттик башкарууну реформалоого көмөктөшүү, сот жана укук коргоо системаларын чыңдоо, коррупцияга каршы күрөштү улантуу маанилүү экенин белгиледи. Ал ЕККУдан бул процесстерде Кыргызстанга жардам берүүнү суранды.
Министр Казакбаев ошондой эле улуттук демократиялык институттарды өнүктүрүүдө ЕККУнун колдоосунун маанилүү ролун белгилеп, шайлоо реформасына ЕККУнун мындан ары дагы колдоосуна үмүттөнөрүн билдирди. Ал Кыргызстан ЕККУнун милдеттенмелерин урматтоого жана ишке ашырууга жана ЕККУнун бардык органдары менен бардык үч өлчөм боюнча кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Рогов Министр Казакбаевге Кыргызстанда жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси кабыл алуучу өлкөгө маселелердин кеңири чөйрөсүндө, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча колдоо көрсөтүүнү уланта тургандыгына ишендирди; коррупцияга каршы күрөш, анын ичинде санариптештирүү аркылуу; шайлоо системасын, мыйзам үстөмдүгүн жана жашыл экономиканы чыңдоо.
Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар да талкууланды. Рогов тынчтык жана дипломатиялык чечимди кубаттап, ЕККУнун жетекчилиги кырдаалга кылдат байкоо салып жатканын белгиледи. Кыргыз тарап ЕККУга тынчтык орнотуучу долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн чек ара коомчулугунун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.