Борбордук Азия жана Европанын жаштары ЕККУ тууралуу “ЕККУнун модели” семинарында билишти
6-октябрдан 9-октябрга чейин 20дан ашык жаш адистер жана университеттин студенттери «ЕККУ модели» онлайн симуляциялык семинарына катышты. Катышуучулардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн: Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген жаштар, ошондой эле Австрия, Хорватия, Россия жана Италиядан келген студенттер бар.
Иш-чара катышуучулардын ЕККУ, анын комплекстүү коопсуздук модели жана консенсустук чечимдерди кабыл алуу процесси тууралуу билимин жогорулатууга багытталган. Семинар ошондой эле катышуучулардын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана чыр-чатактарды жөнгө салууга багытталган кесипкөйлүгүн жогорулатууга арналган.
ЕККУнун Модели Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте жана Бишкектеги ЕККУнун Академиясынын колдоосу менен уюштурулган.
«ЕККУнун моделдик семинары бардык аймактагы жаш лидерлерди чогултуп, аларга ЕККУ деген эмне экенин өз тажрыйбаларынын негизинде тааныштырууну көздөйт», - деди Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Александр Елисеев.
Семинар Хельсинкинин Корутунду актысынын негизинде брифингдерден, сессиялардан жана практикалык машыгуулардан турду. Кыргызстандык жана эл аралык эксперттер жетектеген интерактивдүү сессиялар сын ой жүгүртүүгө дем берип, эл аралык сүйлөшүүлөрдө жана кризисти жөнгө салууда көндүмдөрдү өнүктүрдү. Катышуучулар симуляциялык машыгууларга катышып, дипломаттардын ролун аткарып, кризистик сценарийди диалог аркылуу чечип, акырында консенсуска жетишишти. Ошондой эле ЕККУнун Катчылыгынын жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушуу аркылуу ЕККУнун практикалык иши тууралуу тереңирээк түшүнүштү.
Катышуучулар семинар алар үчүн уникалдуу тажрыйба болгонун белгилешти. «Айрыкча, пандемия учурунда башка өлкөлөрдүн жаш келечектүү лидерлери менен пикир алмашуу жана алар менен биргелешкен семинарга катышуу абдан кызыктуу болду», - деди Юлия Глотова, Россиядан келген ЕККУнун моделдик катышуучусу. Ал кошумчалагандай, тажрыйба катышуучуларга «аймактык диалог аянтчасы катары ЕККУнун иши жөнүндө баалуу түшүнүк жана байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берди» .
ЕККУнун моделдик семинары Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерине жаштардын катышуусун өнүктүрүү жана дареметин жогорулатуу боюнча Уюмдун аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.