ЕККУ Кыргызстандагы жарандык коомду БУУнун Аялдарга карата кодулоону жоюу боюнча конвенциясынын комитетине атаандаш баяндаманы даярдоодо колдойт
21-ноябрда Бишкекте аяктаган тегерек столдо БУУнун Аялдарга карата кодулоону жоюу боюнча комитеттинин Конвенциясында атаандаш баяндамасы угулду.
Аялдарга карата кодулоону жоюу боюнча комитеттин Конвенциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мезгил-мезгили менен БУУнун Аялдарга карата кодулоону жоюу боюнча конвенциясы комитетине аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө расмий отчетторду даярдап турат.
Кошумчалай кетсек, өлкөнүн көз карандысыз жарандык коом уюмдары БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча конвенциясы комитети үчүн атаандаштык отчет даярдашат. Бул жылы атаандаш отчетту даярдоо жана сунуштоо Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен жети бейөкмөт уюмдан турган бейформал консорциум болгон Бейөкмөт уюмдар кеңеши тарабынан ишке ашырылды.
Атаандаш отчет гендердик теңчиликти колдоонун куралы катары гана кызмат кылбастан, ошондой эле БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча конвенциясы комитети үчүн өкмөткө сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү үчүн негиз болуп берет.
Тегерек столдун катышуучулары мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер болуп, документтин акыркы редакциясына киргизиле турган сунуштар менен бөлүшүштү.
Тегерек столдун максаты Альтернативдик баяндамада көтөрүлгөн эң орчундуу маселелерди, мисалы, ала качуу жана мажбурлап никеге туруу, мигрант аялдарды документтештирүү, жетекчи кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгү, айыл жеринде аялдар менен кыздар туш болгон эң актуалдуу көйгөйлөрдү көрсөтүү болду ж.б. көптөгөн нерселер.
Рекомендациялардын аймактык толуктугун камсыз кылуучу атаандаш отчет мурда Кыргызстандын бардык облустарында сунушталып, андан кийин баяндамада эске алынган.