Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогду жана диний толеранттуулукту илгерилетүү ЕККУнун Бишкектеги конференциясынын чордонунда
2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган “Ислам жана православие – дүйнө диндери” аттуу эл аралык конференция өттү.
Иш-чараны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ачып, ага дин маселелери жана терроризмге алып баруучу зомбулук экстремизм менен радикалдашуунун алдын алуу менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер, диний лидерлер, окумуштуулар жана көз карандысыз эксперттер катышты. Кыргызстандын, Россиянын жана башка Борбор Азия мамлекеттеринин, ошондой эле Бишкекте жайгашкан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти.
Конференциянын максаты тарыхый процесстерди талдоо жана ислам менен православие дининин өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы абалын изилдөө болгон. Катышуучулар эки диндин жалпы руханий жана маданий баалуулуктарын, алардын тынчтык жана ынтымакты куруудагы орду жана ролун талкуулашты.
Президент Жээнбеков конференция ар түрдүү диндердин жана ишенимдердин келечектеги өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле дүйнөдөгү жаңы чакырыктарды эске алуу боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн бириктирүүчү аянтча катары кызмат кылганын баса белгиледи. «Дин массаны мобилизациялоо үчүн кубаттуу потенциалга ээ, ошондуктан биздин мамлекеттер аны деструктивдүү максаттарда колдонууга жол бербөөгө милдеттүү», - деди президент С.Жээнбеков.
1975-жылдагы Хельсинки Корутунду актысына токтолуп, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс ЕККУнун 1999-жылдагы саммитин эске салды. Андан соң мамлекет башчылары, анын ичинде Кыргызстан да Европалык коопсуздук хартиясын макулдашып, ой, абийир, дин жана ишеним эркиндигин бузууга каршы турууга милдеттеништи.
«Кыргызстандын 2014 - 2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты тынчтыкты, сый мамилени жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо менен мамлекет менен түрдүү конфессиялардын ортосундагы мамилелерди чыңдоого эң сонун негиз болуп саналат», - деди фон Аркс. «Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси бул жаатта кезектеги стратегиялык документти иштеп чыгууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетке колдоо көрсөтүү менен сыймыктанат».
Конференция 2017 жана 2018-жылдары Бишкек шаарында өткөн «Ислам заманбап динден тышкары мамлекетте» аттуу биринчи жана экинчи эл аралык илимий-практикалык конференциялардын уландысы болуп саналат, анын катышуучулары конфессиялар аралык диалог концепциясын иштеп чыгууга макулдашышты.