ЕККУ/ДИАУБдун башчысы Кыргызстандын бийлигин демократиялык өнүгүүнү чыңдоо үчүн шайлоо процедураларын жакшыртууну улантууга чакырат
БИШКЕК, 20-март - ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ЕККУ/ДИАУБ) башчысы, элчи Янез Ленарчич Бишкекке болгон иш сапарында, Кыргыз Республикасынын бийлигин мамлекеттин демократиялык жетишкендиктерин бекемдөөгө жана демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн болгон процедураларды жакшыртууга чакырууда.
Сапардын максаты - ДИАУБдун 2011-жылдын 30-октябрында өткөн президенттик шайлоого байкоо жөнүндө жыйынтыктоочу отчету менен тааныштыруу, ошондой эле шайлоого байланыштуу мыйзамдарды жана практикалык процедураларын, ЕККУнун алкагындагы милдеттенмелерине жана эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүүчү сунуштарды талкуулоо эсептелет. Аталган талкуу Кыргыз Республикасынын бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтүү боюнча кызматташуунун өзгөчө формаларын да камтыды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева менен болгон жолугушуудан кийин, Ленарчич докладда белгиленген кемчиликтерди жоюуга болгон өкмөттүн ниетин жактырды.
“Демократиялык өнүгүү процессин улантуу жана октябрь айында болгон шайлоодо жетишкен прогресске таянып шайлоо системасын өнүктүрүү абдан маанилүү, - деди Ленарчич. - Биз Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрүн отчетто камтылган сунуштардын негизинде, шайлоо мыйзамын жакшыртуу үчүн кийинки кадамдарды баштоого чакырабыз. ДИАУБ, кабыл алуучу жактын суранычы боюнча аталган процесске колдоо көрсөтүүгө жана эксперттик жардам берүүгө даяр экендигин билдирет”.
Ленарчич бийлик бутактары демократиялык стандарттарга ылайык шайлоо өткөрүүдө маанилүү болгон саясий эркти көрсөтүүнү улантуулаары керектигин белгиледи. Ошондой эле, шайлоолорго даярдык жана уюштуруу чараларына жетиштүү убакыт берүү үчүн - керектүү реформаларды кийинки шайлоолордон алдын ала киргизүү жана жүргүзүү маанилүү экенин айтты.
ДИАУБдун жыйынтык докладында талапкерлерди каттоо эч басмырлоосуз өтүп, шайлоочуларга кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, шайлоо өнөктүгүндө ачыктык жана негизги эркиндиктерди урматтоо өкүм сүргөнү айтылат. Жалпы жонунан алганда, шайлоого байланыштуу ар түрдүү маалыматтар шайлоочуларга жеткиликтүү болуп, шайлоо күнү зордук-зомбулуксуз тынч жагдайда өттү.
Ошол эле учурда, докладда процессти жакшыртуу боюнча бир катар кадамдар табылган, анын ичинде, шайлоо комиссияларынын ишмердигинде ачыктыкты камсыздоо, шайлоочуларды каттоодо келип чыккан системдик маселелерди чечүү, шайлоодогу чыр-чатактарды чечүү, добуш берүү, добуштарды саноо жана жыйынтык чыгарууга ишенимди арттыруу, ошондой эле, улуттук азчылыктар жайгашкан аймактарда шайлоого катышууну жогорулатууга көмөктөшүү.
ЕККУ/ДИАУБдун президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын Бишкекте жайгашкан негизги топту түзгөн 14 мүчөдөн жана бардык аймактарга жөнөтүлгөн 28 узак мөөнөттүү байкоочудан турду. Шайлоо күнү ЕККУга катышкан 40 мамлекеттен келген 385 кыска мөөнөттүү байкоочу өлкөнүн жер-жерлерине жиберилди.