Жаңылыктар
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоонун эл аралык байкоочулары дүйшѳмбү күнү пресс-конференция ѳткѳрүшмѳкчү
БИШКЕК 27 ноября 2025
БИШКЕК, 2025- жылдын 27- ноябры - Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоонун эртеси эл аралык байкоочулар ѳздѳрүнүн тыянактары менен бѳлүшүү максатында пресс-конференция ѳткѳрүшѳт.
Эмне:
- Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого келген эл аралык байкоочулардын миссиясынын пресс-конференциясы
- Пресс-конференцияга жеке же Zoom аркылуу катышууга болот (кошумча маалымат тѳмѳндѳ)
- Ѳзү келип катыша албагандар бул түз эфирге кошула алышат
Ким:
- Клод Хааген, Атайын координатор жана кыска мѳѳнѳттүү байкоочулардын миссиясынын жетекчиси
- Георгиос Стаматис, ЕКПА делегациясынын башчысы
- Моника Зайкова, ЕККУ ПА делегациясынын башчысы
- Тамаш Мезерич, ДИАУБдун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын жетекчиси
Качан:
- 2025- жылдын 1- декабры, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 (GMT +6)
Кайда:
- Хаятт Риженси Бишкек, Бишкек шаары, 720011, Абдрахманов кѳчѳсү 191
Каттоо:
- Zoom аркылуу катышуу үчүн бул шилтемени колдонуп 1- декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00го чейин каттоодон ѳтүңүз.
Эл аралык байкоочулардын миссиясы бул ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ), ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) биргелешкен миссиясы. Байкоочулар миссиясы жалпы 365 байкоочудан турат, анын ичине 264 ДИАУБ жайгаштырган эксперттер менен кыска жана узак мѳѳнѳттүү байкоочу, ЕККУ ПАдан 78 жана ЕКПАдан 18 байкоочу кирет.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Катя Андруш, ДИАУБ: +48 609 522 266 or katya.andrusz@odihr.pl