ДИАУБ Кыргызстанда шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын ачууда
БИШКЕК, 2025 - жылдын 23- октябры, – Бүгүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ), Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрүнүн чакыруусунун негизинде жана өз мандатына ылайык, Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өз миссиясын ачты.
Тамаш Мезерич мырза баштаган миссия Бишкек шаарында жайгашуучу 12 эксперттен турган негизги топту жана 29- октябрдан баштап өлкөнүн түрдүү аймактарында иш алып баруучу 30 узак мөөнөттүү байкоочудан турган топту камтыйт. Мындан тышкары, ДИАУБ ЕККУга мүчө -мамлекеттерден шайлоо күнүнө бир нече күн калганда 300 кыска мөөнөттүү байкоочуларын жиберүүнү суранууну пландап жатат.
Миссия шайлоонун ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдында алынган милдеттенмелерге, демократиялык шайлоолордун принциптерине жана ошондой эле улуттук мыйзамдарга шайкештигине байкоо жүргүзөт.
Байкоочулар шайлоо процессинин бардык маанилүү аспектилерине, анын ичинде шайлоо өнөктүгүнө, социалдык тармактарды кошуп, бардык деңгээлдердеги шайлоо органдарынын иш-аракеттерине, шайлоо мыйзамдарына жана алардын аткарылуусуна, фундаменталдык эркиндиктердин сакталышына, массалык маалымат каражаттарында процесстин чагылдырылуусуна, шайлоого тиешелүү талаш-тартыштардын чечилишине ошондой эле жарандык байкоочулар топторунун иштешине мониторинг жүргүзүшөт. Андан сырткары, миссия ДИАУБдун буга чейинки шайлоолордон кийин берген рекомендацияларынын аткарылуусуна баа берет.
Мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуушулар байкоонун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
Шайлоо күнү, шайлоо участокторунун ачылуусуна, добуш берүүгө, добуштарды саноого жана жыйынтыктарды таблицага толтурууга байкоо жүргүзүү үчүн, ДИАУБ миссиясы ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) делегациясы менен биргелешип иштейт.
Миссия, өз ишинин жүрүшү боюнча жалпы коомчулукка жана ММКларга маалымдоо үчүн, шайлоого эки жума калганда өзүнүн аралык отчетун жарыялайт. Шайлоо күнүнүн эртеси боло турган пресс конференцияда ошол убакытка карата аныкталган фактылар боюнча билдирүү жасалат. Бардык шайлоо процесстерине берилген баалоону жана рекомендацияларды камтыган жыйынтыктоочу отчет шайлоо бүткөндөн кийинки айлар ичинде чыгарылат.
ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси эки бөлөк жана өз ыйгарым укуктарынын алкагында бири-биринен көз карандысыз иш алып барышат. ДИАУБдун шайлоого байкоо иштери тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн https://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan шилтемесин басыңыз.
ММК үчүн байланыш даректери:
Миссиянын ММК боюнча аналитиги Ружика Йованович айымга +996 755 001756 уюлдук телефону, ruzica.jovanovic@odihr.kg электрондук дареги боюнча же
ДИАУБнун пресс-катчысы, Катя Андруш айымга +48 609 522 266 телефону же katya.andrusz@odihr.pl электрондук дареги аркылуу кайрылсаныздар болот.