БУУ, ЕККУ жана Европа Биримдигинин Кыргызстанга атайын дайындалган өкүлдөрү апрель 2010-жылындагы окуяларынын жылдыгын эстешип кайрылуу жасашты
БИШКЕК, 14-апрель 2011 ж. – БУУнун Генералдык Катчысынын атайын дайындалган өкүлү Мирослав Енча, ЕККУнун төрагасынын Кыргызстанга атайын дайындалган өкүлү Херберт Залбер жана Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын дайындалган өкүлү Пьер Морель бүгүн мындай кайрылуу жасашты:
БУУ, ЕККУ жана Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрүнүн Кыргызстандагы 2010-жылдын апрель окуялары боюнча сөзү
2011 жылдын 14-апрелинде БУУнун генералдык секретарынын атайын дайындалган өкүлү Мирослав Енча, ЕККУнун төрагасынын Кыргызстанга атайын дайындалган өкүлү Херберт Залбер, жана Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын дайындалган өкүлү Пьер Морель визити менен Бишкекке келишти.
Алар КР Президенти Роза Отунбаева, парламенттин вице-спикери Асылбек Жээнбеков жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту. Мындан тышкары алар саясий партиялардын лидерлери менен, Коалициянын Кеңеши жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.
Алар 2010-жылдын апрель окуясында каза болгон адамдарды эскеришти. Кайраттуулук жана курмандык менен Кыргызстандын эли парламенттик демократиянын негизиндеги жаңы конституцияны алып келишти. Бул принциптер 2010-жылда ийгиликтүү өткөн парламенттик шайлоодо бекемделген. Өкүлдөр өткөн жылдагы окуянын кыйынчылыктарын жеңип чыгууга жана келечектеги максаттарды чечүүгө, демократиялык жана өнүккөн мамлекет курууга бүт күчтөрдү жумшап өтүүгө болорун белгилешти.
Өкүлдөр улантылып жаткан диалог, чыдамдуулук жана ынтымакташуу жолу менен өткөн жылдагы окуяларынын кыйынчылыктарын жеңип чыгууга болорун айтып кетишти.
Өкүлдөр Кыргызстандын коомунун этникалык азчылыктар боюнча саясатты Концепциясын иштеп чыгуу жана бекемдөөнү кубатташты жана ушул жумушка бүт саясий ишмерлерди кошулганы туура болорун белгилешти. Өкүлдөр 2010-жылдагы июнь окуяларын изилдөө боюнча Эл аралык Комиссиясынын эксперттеринин сунуштары бул Концепцияга салым кошооруна ишенүүдө.
БУУ, ЕККУ, Европа Биримдигинин өкүлдөрү парламент жана өкмөттүн мамлекеттик институттарынын ишин жакшыртуу боюнча кадамдарын токтотпоо, кошумча мыйзамдан чыгаруу жана аны аткаруу жумушун өнүктүрүү, жана ошондой эле кылмыштык топтор жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча да айтып кетишти. Алар келе жаткан президенттик шайлоо өлкөдөгү демократияны бекемдөөгө абдан маанилүү мүмкүнчүлүк болорун айтышты.
Өкүлдөр өзүлөрүнүн укук коргоо секторундагы реформаларды институционалдык реформалар аркылуу жүргүзүү, техникалык жакшыртуу жана коомго жаңы мамиле кылуу чыкырыгын дагы бир жолу айтып кетишти. Алар бул чөйрөдөгү эл аралык жардамдын маанилүүлүгүн белгилеп кетишти. Бул маселе боюнча, үч өкүл ЕККУнун Коомдук Коопсуздук Демилгесинин ушул иш чараларга уланып жаткан салымын кошоору менен максатка жетет деген ойду билдиришти. Өкүлдөр андан башка мамлекеттин сот системасын бекемдөө жана мыйзамдардын аткаруулугун жана ар бир адамдын укугун коргоо, акыйкаттуу сот жүргүүзүүгө укугун бекемдөөнү айтып кетишти.
Бул баардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жакшы пландаштырылган жана бекем улуттук фискалдык жана экономикалык системасы керек. БУУ, ЕККУ, Европа Биримдигинин өкүлдөрү Кыргызстан бийлигинин эл аралык финансылык уюмдар менен жакын иштешип жатканын кубатташты. Бул иш-чаралар алгылыктуу стандарттарды колдонууга кепил болот жана Кыргызстандын финансылык институттарын көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Бул Кыргызстанга эл аралык коомдон түз жардамдын келүүсүнө жардам берет.
БУУ, ЕККУ, Европа Биримдигинин өкүлдөрү алардын Кыргызстандын элине жана Кыргыз өкмөтүнө туруктуу колдоосун айтып кетишти.