Аткарылып жаткан реформалар Кыргызстандын туруктуулугу үчүн чечүүчү ролду ойнойт, дейт ЕККУнун Төрагасы
БИШКЕК, 3-март 2011-ж. - ЕККУнун Төрагасы, Литванын Тышкы иштер Министри Аудронюс Ажубалис, бүгүн Кыргызстандагы коопсуздук шарттарын сактоо менен тынчтыкты калыбына келтирүү аракеттерин кубаттап, реформаларды улантуу жана демократиялык башкарууга көнүл буруу керектигин белгилеп кетти.
«Кыргызстандын тынчтыкты калыбына келтирүү аракеттери мактоого татыктуу. Мен өкмөттү реморлаларды жүргүзүү иштерине, айрыкча болуучу президенттик шайлоонун алдыда, чакырып жатам», деди Ажубалис Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев, Парламенттин спикери Ахматбек Келдибеков жана тышкы иштер Министринин орун басары Туратбек Джунушалиев менен жолугуудан кийин.
«Биз коопсуздуктун курч көйгөйлөрүн, айрыкча чек ара коопсуздук маселелерин, чечүүгө көнүл бурушубуз керек. Бирок өлкөдө туруктуу мөөнөттө тынчтыкты курууга милиция жана сот реформасы керек, экономикалык туруктуулук жана коомдун бүткүл жарандарынын укуктарын сактоо жана урматоону колдоо саясат керек. Этникалык коомдордун ортосунда диалог түзүлүшүн колдоо абдан маанилүү. ЕККУ жана анын Бишкектеги Борбору Кыргызстандын ушул жолдо жылууну активдүү колдоп, ЕККУнун жана эл аралык милдеттенмелерин Кыргызстандын алдында аткарууну колдойт. ЕККУ Кыргызстандын улуттук кеңешүү механизмине ички иштер органдар жана кылмыштуу иштер боюнча сот жүргүзүү тармагындагы маселелер боюнча реформа жүргүзүүгө жардам бере алат».
Төрага Литванын 2011 жылындагы төрагачылыгынын артыкчылыктарын айтып кетти. Айрыкча чечилбей жаткан конфликттерди ордунан жылдыруу жана медиа эркиндигине жардам кылуу, энергетикалык коопсуздук жана регионалдык кызматташууну колдоо жана ЕККУга катышуучу мамлекеттеринин жана өкмөт башчылары катарынан ЕККУнун 2010 жылдын декабрында өткөн Астанадагы Саммитинин негизинде кабыл алынган Астана Эстелик Декларациясын аткарууну белгилеп кетти.
«Астана Эстелик Декларациясы Уюмдун негизги кымбаттыктарын жана милдеттенмелерин жогорку деңгээлде аныктайт», деп ал белгиледи. Литванын 2011- жылындагы Төрагачылыгы бүт ЕККУга катышуучу мамлекеттери менен, Кыргызстан менен дагы, эркин, демократиялык, жалпы жана бөлүнбөгөн бүткүл Евро-Атлантика жана Евразия региондогу коопсуздук уюмдун көрүнүчүнө жетүүгө иштешет».
Андан тышкары жолугуулар ЕККУнун Кыргызстанга кандай жардам бере аларына көнүл бурду. ЕККУнун Коомдук Коопсуздук Демилгеси, ички иштер министрлиги менен чогуу жергиликтүү милиция кызматкерлерине демократиялык принциптер аркылуу иштөө жана бардык коомдордун ишениме кирүү максатын коет. Мындан тышкары Кыргызстанга ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку Комиссары жана ЕККУнун Демократиялык Институту жана Адам Укуктары Офиси аркылуу жардам берерине көнүл бурду. ЕККУнун Демократиялык Институту жана Адам Укуктары Офиси жакында Бишкекте кең консультация иштерин жүргүзүү күтүлүүдө.
Демократиялык Институт жана Адам Укуктары Офисисин делегациясы өткөн жумада Бишкекке келип 2011-жылдын октябрында күтүлүп жаткан президенттик шайлоого карата рекомендациялары менен тааныштырып кетти.
Төрага Ажубалис Бишкекке келген визитинде саясат партиялардын өкүлдөрү, жарандык коом жана элчилик коомдору менен дагы жолугушту. Ушул эле күндүн эртесинде ал ЕККУнун Бишкектеги Академиясына барды. ЕККУнун Академиясы Борбордук Азиядагы, Афганистанды дагы кошкондо, жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет. Ажубалис Литванын уюмда төрагалыгы жана Борбордук Азиянын келечеги жөнүндө студенттер менен талкуулады.