ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы өтүү документтерин чыгаруудагы эл аралык стандарттарды колдошот
БИШКЕК, 23-октябрь 2012-жыл – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик каттоо кызматынын суроосу боюнча, паспорттун сүрөтүнө керектүү маалымат брошюраларын тартуулады.
Кыргыз жана орус тилдериндеги брошюралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, Мамлекеттик каттоо кызматынын суроосу боюнча, эл аралык стандарттарга ылайык, өтүү документтеринин коопсуздугун жогорулатуу максатында, атайын структуралардын паспортторду чыгаруусуна колдоо катары басылып чыгарылды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Сергей Капинос ЕККУнун Бишкектеги борбору менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы кызматташууну мындай деп баса белгиледи: “Биздин жумуш Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн негизги мамлекеттик структуралардын ишин колдоого багытталган.”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев мындай деди: “Биз Мамлекеттик каттоо кызматын бардык багыттар боюнча реформалоого, анын ичинде, биздин структуранын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана оптималдоого даярбыз. Бизде ЕККУ менен болгон кызматташууну активдештирүүгө ар кандай сунуштарыбыз бар”.
Брошюралар Борбордун чек ара кызматынын ишин жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү катары чыгарылды. Ал эми, өтүү документтеринин коопсуздугу боюнча кошумча окутуу жана техникалык жардам Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка чек ара коопсуздугу боюнча мекемелер менен биргеликте келерки жылга болжолдолууда.