ЕККУ жарандык жана эл аралык коомдун түрмөлөрдөгү адам укуктарынын корголушуна жана коррупцияга каршы турууга катышуусун колдойт
Кыргызстандын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын колонияларынын башчыларына арналган жарым күндүк эки семинар 18-октябрь 2012-жылы, Бишкектеги жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин окуу борборунда өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы, ЕККУнун Бишкектеги борбору, Фридом Хаус жана ЮСАИД тарабынан уюшулду.
Кыргызстандын бардык аймактарындагы пенитенциардык мекемелерден келген 40 кызматкердин башын бириктирген семинарлар – бул тармакка кызыкдар тарап болгон жарандык коом менен эл аралык уюмдарга, улуттук кыйноолорго каршы механизмди түзүүнү көздөгөн жаңы мыйзамдагы кыйноолорду алдын-алуу боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн платформа катары уюшулду. Мындын тышкары, катышуучулар түрмөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышынын жыйынтыктары, ошондой эле, эл аралык мыкты практика жана тажрыйбаларга ылайык, коррупцияга каршы туруу боюнча жаңы мыйзамды жана анын аткарылышын талкууга алышты.
Семинарлар ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргызстандагы пенитенциардык мекемелерде потенциалды жогорулатуу аркылуу, коопсуздукту жана адам укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган, пенитенциардык системада реформа жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү боюнча долбоорунун алкагында уюшулду.