Ресурстар
Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги: укуктук камсыздалышына жана тажрыйбасына сереп салуу
Бул басылмада Кыргыз Республикасындагы дин тутуунун укуктук камсыздалышы, анын турмушка ашырылышы эркиндигинин тажрыйбасына жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө сереп салынат. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын конституциялык ченемдерин жана эл аралык милдеттенмелерин эсепке алуу менен дин тутуу эркиндигин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө көмөктөшүү максатында чогултулган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) түздөнтүз документтин автору болуп саналган учурдан сырткары, ушул документте көрсөтүлгөн көз караштар, ой пикирлер, жыйынтыктоолор жана башка маалыматтар сөзсүз түрдө ЕККУнун пикирин чагылдырбайт.