ЕККУнун Бишкектеги Академиясында Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча семинар өттү
Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү бешинчи семинар 13-14-сентябрда 2012-жылы ЕККУнун Бишкектеги Академиясында өттү.
Коопсуздук саясаты боюнча Евразия, Түштүк-Чыгыш Азия, Европа жана АКШдан келген эксперттер, ошондой эле, Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги кызматкерлери коопсуздук багытындагы маанилүү регионалдык өнүгүү тенденцияларын жана маселелерди талкуулашты. Алар мындан тышкары Афганистандагы абалды жана анын Борбор Азия менен дүйнөгө тийгизген кесепеттерин; аскердик кызматташтуу жана теңтайлашуучулук; Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча реформалар жана эл аралык коомчулуктун ага катышуусу; негизги оюнчулардын бири-бирин бөгөттөөчү стратегиялык позициялары; кыйноолорго алып келүүчү мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн, ага кошумчалай, терроризм жана уюшулган кылмыштуулуктун ролун талкууга алышты.
Аталган иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Академиясы, коопсуздук багыты боюнча Женевалык саясат борбору, эл аралык мамилелер боюнча Норвегиялык институт, ошондой эле, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияны изилдөөчү вашингтондук борбор тарабынан уюшулду.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу жана ЕККУ Академиясынын ишине көзөмөл жүргүзүүчү Андерс Труэдссон мындай деди: “ЕККУ коопсуздук маселелери жана чыр-чатактарды алдын-алуу боюнча иш алып барат, ЕККУ – стабилдүүлүктү бекемдейт жана эффективдүү башкарууну алдыга жылдырат жана албетте, өнүгүүгө көмөктөшөт, - бул ЕККУнун Бишкектеги Академиясы көздөгөн принциптер. Биз Академиянын ролу билимге жана тажрыйба топтоого Борбор Азиялык платформа катары акырындык менен өсүп келе жатканына сыймыктанабыз.”
Кыргыз Республикасынын ТИМнин чыгыш мамлекеттери департаментинин директору Авазбек Атаханов мындай деди: “Биз бүгүнкү иш-чара Афганистандагы абалга объективдүү кароого, анын бүткүл регионго болгон кандайдыр бир таасирин баалоого жана Борбор Азиядагы коопсуздук жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө карай сунуштарды биргеликте иштеп чыгарууга аракет кылуубузга жардам берет деп ойлойбуз.”
ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын директору Максим Рябков мындай деп кошумчалады: “ ЕККУ Академиясы ушундай ачык жана натыйжалуу талкуу жүргүзгөн, көрүнүктүү специалисттерди кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз. Жолугушуунун натыйжасы региондордо жана анын чегинде чечим чыгарган бардык адамдарга жеткиликтүү болот. Коопсуздуктун регионалдык механизмдерин сындоо сереби 2014-жылдагы Афганистандан чыгарууда, Кытай менен Индиянын регионалдык шериктер катары өсүп келе жаткан мааниси жана Борбор Азия мамлекеттери бул кырдаалдарда ойной баштаган жаңы ролунда абдан маанилүү.”
Семинарда чыгып сүйлөгөн адамдардын сөзүнүн, талкуунун жана чечимдердин тексттери коопсуздук багыты боюнча Женевалык саясат борбору тарабынан жарыяланат.