ЕККУ Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин иш алып баруусун жогорулатууга колдоо көрсөтөт
БИШКЕК, 17-август 2012-жыл - Бүгүн Бишкекте ЕККУ борбору тарабынан Кыргызстандагы бардык түзөтүү колонияларынын жана тергөө изоляторлорунун офицерленине уюштурулган бир айлык тренинг аягына чыкты.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, кылмыш-жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин окуу борборунда өттү. Аталган окуу курсу лекциялардан жана практикалык сабактардан түзүлүп, мыйзам, адам укуктарынын стандарттары, кыйноолорду алдын-алуу методдору, ошондой эле, коопсуздук маселелери жана административдик башкаруу сыяктуу кырктан ашуун сабактарды камтыды. Окуу программасы күч жана стройдо жүрүүгө даярдоо боюнча сабактарды да камтыды.
Кыргызстандагы бардык колониялардын жана түрмөлөрдүн орто топтогу жыйырма жети ыкчам кызматкери өздөрүнүн теориялык деңгээлин жогорулатуу жана практикалык сабактарды алуу үчүн окуу курсуна катышышты. Курсту кылмыш-жаза аткаруу системасынын жогорку даражадагы кызматкерлери, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун эксперти өттү.
“Кыргызстандын пенитенциардык мекемелеринин кызматкерлери ар дайым жигердүүлүктү жана өздөрүнүн профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, жаңы билим алуу, тажрыйба алмашуу жана өздөрүнүн кесиптештеринен үйрөнүүгө болгон ниетин көрсөтүшүүдө, - деди Мирослав Новак, ЕККУнун Бишкектеги борборунун кылмыш-жаза аткаруу системасын реформалоо боюнча кеңешчиси жана аталган курстун мугалимдеринин бири. – Мындай тренингдер эл аралык практиканын эң мыкты методдорун жана демократиялык принциптердин негизинде иш стандарттарын берүүнүн эффективдүү жолу болуп эсептелет. Ошондой эле, бул окуу курсу пенитенциардык системанын кызматкерлерине күнүмдүк административдик ишмердикти эффективдүү ыкмалар менен уюштурууга жардам берет”.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Башкы штабынын анализ жана пландоо стратегиясы бөлүмүнүн жетекчиси Мавлен Абдукул уулу мындай деди: “Мен катышуучулар мугалимдер берген билимдин эң натыйжалуусун алып, алган билимдери күнүмдүк маселелерди ийгиликтүү чечүүдө жардам болоруна ишенем”.
Окуу борборунун башчысы Назира Осмонова мындай деп кошумчалады: “Биз сиздердин профессионалдык тажрыйбаларыңарды мындан ары жогорулатууңарды, байытууңарды каалайбыз жана колдойбуз. Жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин иши татаал жана кээде байкоосуз өтөт. Эгер кырдаал стабилдүү жана коопсуз болсо, бул сиздердин ишиңерди жакшы алып барып жатканыңардын белгиси”.
Окуу курсу ЕККУнун Кыргызстандагы пенитенциардык системада реформа жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү боюнча масштабдуу долбоорунун алкагында уюштурулду.