ЕККУнун Бишкектеги борбору медиа мыйзамдардын абалын талкуулады
Бүгүн Бишкекте 2012-жылдын 27-июлунда болуп өткөн тегерек столдо жалпы маалымат каражаттарындагы эркиндик жана жоопкерчилик жана көйгөйлөр талкууланды. Бул иш-чараны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ- ОБСЕ) Бишкектеги борбору өткөрдү.
Бул жолугушууда талкууланган негизги суроолор Кыргызстандын жалпы маалымат каражаттары (ЖМК) жөнүндөгү мыйзамдар болду жана төмөнкү пункттар жакындан камтылды: ЖМК жөнүндөгү мыйзам, Кылмыш жана Административдик кодекс, журналисттин профессионалдык иш-аракети жөнүндөгү мыйзам, мамлекеттик колундагы маалыматты алууга болгон укук, жана журналисттердин жоппкерчилиги жана этикалык принциптери. Андан соң, мыйзам чыгаруу механизмдери аркылуу өлкөдө эркин жана жоопкерчиликтүү ЖМКны өстүрүү боюнча кадамдар талкуланды. Андан башка, катышуучулар Интернет ЖМКларынын статусун кепке алышып, акыркы кездердеги бир нече мисалдарды анилиздеп өтүштү.
Бул иш-чараны медиа мыйзамдар боюнча эксперт модератор алып барды. Бул тегерек столго 20 га жакын киши катышты; алардын ичинде депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер болду. Алар Кыргызстан акыркы эки жылдан бери ЖМК жаатында башынан өткөрүп келаткан маселелерди ортого салышып, өзгөчө, мыйзам рамкалары жана аларды аткаруу жана ал рамкаларды эл аралык стандарттарга шайкеш кармоо маселелери белгиленди.
“ЕККУ ЖМК эркиндигине колдоо көргөзөт, анткени бул демократиялык коомду куруунун бирден бир шарты,” деди Росс Браун, ЕККУнун Бишкектеги борборунун аскерий-саясий бөлүгүнүн башчысы. “Бул жолугушуу улуттук мыйзамдарды эл аралык нормаларга карата карап, ЖМК эркиндигин чыңдоо.”
Бул иш-окуя ЕККУ борборунун ЖМК эркиндигин жана институттарын колдоону максат кылган медиа программасынын бир бөлүгү болду.