ЕККУ Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү адам укуктарынын корголушуна жана коопсуздукка көмөктөшөт
ЕККУнун Бишкектеги борбору Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы түзөтүү колонияларынын жетекчилерине 21-майдан 12-июнга чейин тренинг өткөрдү.
Бишкектеги түрмөлөрдүн кызматкерлеринин окуу борборунда өткөн тренинг 11 катышуучунун башын бириктирди жана адам укуктарынын эл аралык стандарттары, этика, жүрүм-турум кодекси, түрмөлөрдөгү коопсуздук сыяктуу бир нече маселелерди камтыды.
Аталган окуу курсу абактагылырды реабилитациялоонун теориясы жана практикасы, ошондой эле, бошотууга чыгуучуларды даярдоо сыяктуу темаларды камтыды.. Эл аралык эксперттердин жетекчилиги астында кыйноолорду алдын алуу жана коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер талкууланды.
“Пенитенциардык мекемелердин жетекчилиги өздөрүнүн түзөтүү мекемелерин башкаруу боюнча күнүмдүк жумушун жогорку деңгээлде аткаруу үчүн эмне кылуу керектигин билишти”, деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун жаза-аткаруу системасын реформалоо боюнча кеңешчиси Мирослав Новак. “Жаза-аткаруу системасында адам-укуктарынын жана коопсуздуктун алга жылышы теориялык жана бул тармактагы эл аралык тажрыйбаны талап кылат.”
Бул окуу курсу ЕККУнун Кыргызстандагы пенитенциардык системаны реформалоого көмөктөшүү боюнча долбоорунун бир бөлүгү. Түрмөлөрдүн кызматкерлерин окутуу борбору 2010-жылы ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан негизделген.