ЕККУ борбору Кыргыз аймактарынан жаш кабарчылардын окуусун колдоду
БИШКЕК, 31-май, 2012-жыл – Бүгүн Бишкекте Клооп Медиа коомдук уюмунун журналистика мектебинен 25 чакты жаш кабарчылар үч-айлык журналистика окуусун аяктады. Бул кабарчылардын ичинен жарымы аймактан келген катышуучулар, ал эми анын ичинен сегиз окуучуну Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ, ОБСЕ) Бишкектеги борбору колдоду.
Бүтүрүү кечесине бүтүрүүчүлөрдүн өзүнөн башка, алардын жакындары, Клооптун тренерлери, редакторлору, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жана белгилүү редакциялар катышты. Бул кечеде, ар бир бүтүрүүчүнүн жасаган мыкты материалдары көргөзүлдү жана уктурулду, жана бүтүрүүчүлөр өздөрүн келечект жумушка алууга кызыкдар кабар агентстволоруна тааныштырышты.
Бул үч айлык окуу интернетке жаңылык жазууга арналып, радио жана видео формасын да окутту. Курс беш модулдан түзүлгөн, анын ичинде жазуунун негиздери, интернет инструменттер, фото журналистика, этикалык стандарттар жана журналистикага тиешелүү мыйзамдар.
Андерс Трудссон, ЕККУнун Бишкектеги борборунун Башчысынын милдетин аткаруучу, мындай деди: “ЕККУ борбору эркин жана этикалуу журналистиканы колдойт, анткени ошондой гана кабарчылык демкоратиялык коомдун негизине кызмат кылат. Биз бул муундун журалисттери өздөрүнүн келечектеги эмгектери аркылуу жакшы үлгү болоруна үмүттөнөбүз.”
“Бул сезондо аймактык кабарчылар өзгөчө ийгиликтүү болушуп, Клоопко күч жана дем берди. Биз Бишкектин сыртындагы журналистика дагы манилүү жана сапаттуу болушуна ишенебиз,” деди Бектур Искендер, Клооп уюмунун директору, ошол эле кезде өзү да профессионалдуу журналист.
Ушул эле мектеп жайында ЕККУнун катышуусу менен кайталанат. Бул иш-чара этикалык принциптерди жана журналисттик стандарттарды алга жылдырууну максат кылган ЕККУнун медиа программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.