ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын бүтүрүүчүлөрү такшалмадан өтүшөт
БИШКЕК, 21-май 2012 – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын “Саясат жана коопсуздук” магистердик программасынын он бир мыкты бүтүрүүчүсү, Европадагы академиялык институттардан жана эл аралык уюмдардан такшалма (стажировка) өтүү үчүн кетишти.
Бүтүрүүчүлөр ЕККУнун Секретариатында, ЕККУнун аз улуттар боюнча Жогорку комиссарлыгында, Эл аралык мамилелер боюнча Норвегиянын институтунда, Адам укуктары боюнча Хельсинки комитетинде, Коопсуздук саясаты боюнча Женева борборунда жана Москвадагы саясий изилдөөлөр борборунда иштешмекчи. Үч айга созулган такшалмада, студенттер алган билиминин практикалык багыттары жөнүндө түшүнүк алышат.
Ал эми калган студенттер Борбор Азия жана Афганистандын эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын аймактык өкүлчүлүктөрүндө иштешет. Аталган такшалма толугу менен Академия жана чакырган тараптар тарабынан төлөнөт.
Бардык 30 студент, ушул айдын башында ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи жана Академиянын попечительдер кеңешинин төрагасы Эндрю Тесорьердин катышуусунда өткөн карьералык өсүү боюнча семинарга катышышкан.
“ЕККУ Академиясы – ЕККУга жана Борбор Азияга эки жактуу күзгүдөй болуп эсептелет” – деди ЭндрьюТесорьер. “Жогорку билим, изилдөөлөр жана талкуулар аркылуу, Академия ЕККУнун жалпы баалуулуктарын таркатууда. Ошондой эле, Академия негизги маселелерди изилдеп жана ЕККУнун алкагында өз ара түшүнүккө көмөктөшүүдө”.
“Мен Академиянын ар бир студентин келечектеги лидер катары көрөм, ал эми, ар бир тегерек столду инновациялык ой жүгүртүүнүн булагы катары эсептейм жана Академияны Борбор Азиядагы жана бүткүл аймактагы керектөөлөргө жана шарттарга жооп берген булак катары эсептейм”.
ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын директору Максим Рябков мындай деди: “Биз жана биздин шериктер жыл сайын каржылаган такшалма, профессионалдык интеграцияны жогорулатууга жардам берет. Аталган такшалма – биздин магистердик программаларыбыздын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет”.
Бүтүрүүчүлөр, 5-6 майда өткөн Борбор Азия жана Афганистандын жалпы коопсуздугу боюнча Академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн жыл сайын өтүүчү, экинчи конференциясына катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бүтүрүүчүлөр, ЕККУ Академиясын аймактык диалог жана илимий изилдөөлөр борбору катары бекемдеп, коопсуздук боюнча темаларды көрсөтүштү жана талкууга алышты.
“Биздин бүтүрүүчүлөрдүн ийгилиги инвестициялардын маанилүүлүгүн белгилейт”- деди Рябков. “ Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу – алардын катышуусун көрсөтөт, талкуулардын деңгээли жогору болду жана ЕККУ Академиясы биздин бүтүрүүчүлөрдүн изилдөөлөрүн колдоосун уланта бермекчи. Бул биз үчүн азыр абдан маанилүү, анткени биз изилдөө профилибизди бекемдеп жатабыз, биздин бүтүрүүчүлөр интеллектуалдык инновациялардын ресурсу болууда, саясий чөйрө менен да байланышта болууда”.
ЕККУ Академиясы Борбор Азияга багытталган билим берүүчү жана изилдөө жүргүзүүчү институт болуп эсептелет. Бишкекте жайгашкан Академия эки магистердик программа боюнча бардык региондордон жана Афганистандан келген студенттерге билим берет, алар: “Саясат жана коопсуздук” жана “Экономикалык башкаруу жана өнүгүү”. Академия өкмөт, жарандык коом жана билим берүү мекемелери менен бир канча профессионалдык даярдоо, диалогду алдыга жылдыруу жана изилдөө демилгелери курстары боюнча иш алып барат.