ЕККУ Кыргызстандын “Рио +20” дүйнөлүк конференциясына болгон даярдыктарын колдойт
БИШКЕК, 26-апрель 2012-жыл – Бүгүн экологияны коргоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдардын форуму ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу астында башталды.
Эки күнгө созулган эко-форумга уюмдардан 60тан ашык өкүлдөр чогулуп, Кыргызстандын алдында турган маанилүү экологиялык маселелерди чечүүнү талкуулашат. Ошондой эле, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 2012-жылдын 20-22 июнда өтүүчү, БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча конференциясында улуттук позицияны иштеп чыгууга салым кошуу жолдорун талкуулашат.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: “Аталган дүйнөлүк эко-форумга даярданууга көмөктөшүү - ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргызстандагы жашыл экономиканын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү ишмердигинин алкагында өтүүдө. Демек, экономикалык эффективдүүлүктү жогорулатууга, жашоо-шартты жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга көмөктөшөт.”
Эко-форумга катышкан “Коомдук экологиялык экспертиза” бейөкмөт уюмунун директору Олег Печенюк мындай деди: “Бүгүнкү форум Кыргызстандагы жашыл экономика түшүнүгүнүн улуттук деңгээлде өнүгүүсүнө, коомдун катышуусун камсыздоого жардам берет.”
Ал күтүлүп жаткан жыйынтык, Кыргызстандагы бардык экологияны коргоо боюнча иш алып барган катышуучулардын бириккен көз-карашын түзүү болот деп кошумчалады.
Кыргызстан “Рио +20” дүйнөлүк процессине 2010-жылы официалдуу түрдө кошулган.
2011-жылы мамлекет Кыргызстандагы “жашыл экономика”түшүнүгүн өнүктүрүү жана колдоого шарттарды түзүү милдетин алган. Эко-форум ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргызстандагы жашыл экономика концепциясына ишмер чөйрө, массалык маалымат каражаттары жана жогорку окуу жайларынын катышуусу аркылуу улуттук диалог түзүүгө багытталган ишмердигинин алкагында колдоого алынды.