ЕККУ борбору Коомдук телеканалдын ресурстук залын жабдыды
БИШКЕК, 24-февраль, 2012-жыл– Бүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борбору Коомдук телерадио берүү корпорациясынын ресурстук борборуна компьютер жана эмеректерди өткөрүп берди.
Коомдук телерадио берүү корпорациясынын ресурстук борборун жабдуу иши ЕККУнун буга чейин берген жардамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ресурсттук борбор теленин журналисттери үчүн жыйындарды өткөрүп, компьютерде иштеп жана тренингдерди өткөрүүгө жакшы шарт түзөт.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун саясий-аскердик бөлүмүнүн башчысы Росс Браун бул жагымдуу окуяга байланыштуу мындай деди: “Биз Коомдук телеканалдын өнүгүүсүн колдойбуз, анткени коомдук берүү демократияны куруу жараянында эл менен байланыштын маанилүү инструменти болуп эсептелет. Мындай коомдук модель ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча милдеттемелерине туура келет”.
Ал эми Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев “ЕККУнун бул колдоосун телерадионун өсүшүнө өбөлгө болуп, коомдук берүүнүн маанисин арттырууга кошулган чон салам катары баалайбыз. Бул ресурстук зал Кыргызстанда жалпы маалымат каражаттарынын эркиндигин жана ой-пикирлердин ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенебиз,” деди.
Жабдыктарды өткөрүп берүү аземи – ЕККУнун Кыргызстандагы Коомдук каналдын базасын бекемдеген долбоордун бир бөлүгү. Буга чейин 2011-жылы бул долбоордун алкагында Жогорку Кенештин депутуттары, КТРКнын өкүлдөрү жана Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Грузия жана Литвага тажрыйба алмашууга барып келишкен.