ЕККУ Кыргызстандагы кыйноолорду кыскартууну колдойт
Бишкек, 22-февраль 2012-жыл – Бүгүн “тегерек стол” үстүндө Кыргызстандагы кыйноолордо жана начар мамиле кылган учурларда натыйжалуу тергөө иштерин жүргүзүү жана документтештирүү үчүн Стамбул протоколунун стандарттарынын ишке ашышы тууралуу талкуу болду. Аталган талкуу ЕККУнун Бишкектеги борбору, БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы регионалдык бөлүмү, ошондой эле Сорос фонду, “Доктурлар адам укуктары үчүн”аттуу эл аралык уюму менен биргеликте уюшулду.
Атайын министрликтерден, Башкы прокуратурадан, Жогорку соттон, Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү негизги маселелерди, ошондой эле, натыйжалуу тергөө иштерин жүргүзүү жана документтештирүү аркылуу кыйноолорду алдын-алууну талкуулашты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Андерс Трёдссон мындай деди: “Бүгүнкү талкуу кыйноолорду алдын-алуу боюнча улуттук аракеттер боюнча биздин биргелешкен диалогубуздун уландысы. БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколунун улуттук превентивдик механизмин кабыл алуу парламентте каралып жатса да, ЕККУнун Бишкектеги борбору жарандык коом менен Акыйкатчынын институтунун ортосундагы кызматташууга көмөктөштү. Биргелешкен докладдын негизиндеги кызматташуу сунуштарга бай жана азыркы убакта ишке ашырууну күтүүдө. 2012-жылы ЕККУнун Бишкектеги борбору аталган кызматташууну өкмөттөгү кээ бир адамдар менен кеңейтип, кыйноолор менен күрөшүүдө натыйжалуу чараларды көрүүнү пландаштырууда”.
Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай деди: “ Кыргызстанда улуттук превентивдик механизмди түзүү абдан актуалдуу маселе болуп эсептелет. Кармоочу жайлар жана жабык мекемелер мониторинг жүргүзүүгө ачык болгондо гана, биз кыйноолорду натыйжалуу алдын-алуу жөнүндө сөз кылсак болот. Биз парламент жакынкы убакта улуттук превентивдик механизмди түзүү жөнүндө мыйзам кабыл аларына ишенебиз. Ошондой эле, аталган механизмдин бир нече жолу талкууланганын жана ага жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тарабынан жакшы баа берилгенине эске аларына чоң үмүттөбүз”.
“Доктурлар адам укуктары үчүн” эл аралык уюмунун жогорку медициналык кеңешчиси Винсент Иакопино мындай деди: “ Биздин уюмдун Кыргызстандагы кыйноолордун “чыдамсыз абалын” кыскартууга алган милдеттенмелерин ишке ашырууга алган мүмкүнчүлүгүнө катышуусу чоң сыймык.Биздин кыйноолорго каршы тергөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү жана документтештирүү үчүн Стамбул протоколунун стандарттарын ишке ашырууга болгон биргелешкен аракеттерибиз кыйноолорду алдын-алууда чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы мыйзамдын улуктугунун сакталышында маанилүү кадам болуп эсептелет”.
“Доктурлар адам укуктары үчүн” уюму 1997-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгондон кийин, Стамбул протоколун 1999-жылы БУУ тарабынан официалдуу түрдө жактырылгандан кийин иш жүзүнө ашырган. Бул протокол кыйноолорду жана анын натыйжасын документтештирүү үчүн эл аралык көрсөтмөлөрдүн принциптерин өзүнө камтыйт.