ЕККУнун Бишкектеги Академиясы экинчи магистердик программасын ачты
БИШКЕК, 16-январь 2012-жыл - Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Академиясы «Экономикалык башкаруу жана өнүгүү» магистердик программасы боюнча алгачкы студенттерин кабыл алды.
Бул программа 15 айга созулуп, экономика, башкаруу жана өнүгүү боюнча Борбордук Азияга багытталган окуу планы болуп эсептелет. Аталган программа аймактык жана дүйнөлүк экономикалык башкаруу жана өнүгүү боюнча иштегиси келген бүтүрүүчүлөргө жана жаш специалисттерге арналган.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. Бул программа ЕККУнун Бишкектеги борбору жана бир нече ЕККУга мүчө-мамлекеттер тарабынан каржыланган. ЕККУ Академиясынын илимий кеңеши жана эл аралык шериктеш структуралар аталган программага методикалык колдоо көрсөтүштү. Ошону менен бирге, окутуу процессинде кеңеш берип, катышып турушат.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Андерс Тредссон мындай деди: «Аталган «Экономикалык башкаруу жана өнүгүү» программасы Академиянын экинчи магистердик курсу болуп эсептелет. Жаңы программанын ачылышы Академиянын талапка ылайык аймактык билим берүү мекеме экенинен кабар берет. Ошондой эле, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, ЕККУга мүчө-мамлекеттердин жана Академиянын көзөмөл кеңешинин өкүлдөрү бир нече жолу айткандай потенциалын кеңейтүү жана өнүктүрүүгө болгон аракетин көрсөтөт».
ЕККУнун Академиясынын директору Максим Рябков студенттерди кабыл алып жатып, бул курстун өзгөчөлүгүн айтып кетти: «Программа аймактык мүнөзгө ээ жана ЕККУнун баалуулуктарынын негизинде түзүлгөн. Бул программа студенттердин өздөрүнүн мамлекеттериндеги жана бүт дүйнөдөгү экономикалык башкаруунун концептуалдык жана техникалык анализ маселелеринде тажрыйбасын жогорулатууга арналган. Теориялык жана практикалык сабактардын биримдиги аларга алгылыктуу эксперттерден билим алып жана баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Окуудан кийинки эки айга созулган стажировка студенттерге Борбор Азиялык региондо жана эл аралык деңгээлдеги профессионалдардын коомдоштугунун бир бөлүгү болууга жардам берет».
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук бөлүмүнүн директору Улан Жусупов мындай деди: «Студенттердин негизги маселеси – бул жакта жүргөн убактысын сапаттуу өткөрүү. Мен студенттерди Академиянын көп улуттуу педагогикалык түзүмү тартуулагандын жакшысын кабыл алууга чакырам». Ал студенттерди окууга, жана убактысы келгенде алган билимин иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле, ал Академиянын Кыргызстанга маанилүү экенин жана анын мамлекеттин коңшулаш Афганистандын өнүгүүсүнө кошкон салымын айтып кетти.
«Экономикалык башкаруу жана онуугу» магистердик программасы Австрия, Америка Курама Штаттары жана Норвегия эл аралык катнаштары институтунун каржылоосуу менен уюштурулган. «Экономикалык башкаруу жана өнүгүү» магистердик программасы «Саясат жана коопсуздук» магистердик программасынын ийгиликтүү үлгүсүндө түзүлдү. «Саясат жана коопсуздук» магистердик программасы боюнча 2004-жылдан бери 174 студент билим алды. ЕККУнун Бишкектеги Академиясы 2002-жылы түзүлгөн. Ал ЕККУнун принциптерин жана идеяларын алдыга жылдырууга арналган жана эл аралык мамилелер, коопсуздукка болгон мамиле, демократизация, мыйзамдын жана адам укуктарынын улуктугу боюнча билим алган студенттерге жана профессионалдарга форум болуп эсептелет.