ЕККУ Кыргызстандагы кыйноолорду алдын алууну колдойт
БИШКЕК, 13-декабрь 2011-жыл – Бүгүн убактылуу кармоочу жайлардагы кыйноолорду алдын алуу боюнча тегерек стол үстүндө талкуу болду. Бул жолугушуу ЕККУнун Бишкектеги борбору, БУУнун Жогорку комиссар Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча регионалдык бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюму менен биргеликте уюшулду.
Аталган жолугушууда тийиштүү министрликтердин кызматкерлери, Башкы прокуратура, Жогорку сот, Президенттик администрация, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ЕККУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн убактылуу кармоочу жайлардагы мониторингдин жыйынтыктары, ошондой эле сунуштар жана алдыдагы жасалчу кадамдар жөнүндө талкуулашты.
“ ЕККУ Башкы прокуратуранын Кыргызстандагы кыйноолордун абсолюттук түрдө болбоосу жөнүндөгү коомдук билдирүүсүн колдойт,” деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер. - “Эгерде факттарды табуу боюнча биргелешкен ишмердиктин сунуштарын милдеттүү түрдө ишке ашырсак, анда ал бийликти жана жарандык коомду практика жүзүндө ищке ашырууга болгон ойго жакындатат.”
Эндрью Тесорьер Кыргызстанда улуттук деңгээлде 2012-жылы БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын факультативдик протоколунун негизинде кыйноолорду алдын алуу механизми түзүлөөрүнө ишенээрин айтты. Бул механизм адам укуктарын коргоонун мониторингин жана олуттуу бузууларды алдын алуу боюнча жергиликтүү структуралардын потенциалын жогорулатат.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Турсунбек Акун мындай деп кошумчалады: “ Кармоочу жайлардагы айтылбай жүргүзүлгөн мониторинг маанилүү болуп эсептелет. Менин аппаратым жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уланта берет. Ошондой эле, бийлик өкүлдөрү жана жарандык коом менен бул маселени чечүү үчүн эриш-аркак иш алып барып, кызматташууну жогорулатабыз.”
“Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, Азиза Абдрасулова мындай деп белгиледи: “ Кыйноолорду жана абройго шек келтирген мамилени жогорку деңгээлдеги саясый эрк болгондо жана укуктун улуктугунун принциптери иш жүзүндө колдонгондо гана алдын алууга болот. Аталган эки фактор адам укуктарын бузуу, өзгөчө кыйноолорду алдын алуу менен натыйжалуу күрөшүү боюнча мыйзамды толукташы керек.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун кыйноолор боюнча атайын докладчысы Хуан Мендес сөз сүйлөдү. Ал мындай деп белгиледи “ Ички иштер министрлигинин тергөө изоляторлоруна жана убактылуу кармоочу жайларына барууга багытталган долбоор абдан маанилүү кадам болуп эсептелет. Мен бул долбоор системалык мамиле кылуу жана узак перспективаларды эске алуунун негизинде, кармоочу жайлардагы шарттарды жакшыртууга багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алууга негиз болот деп ишенем”.
Кармоочу жайлардагы мониторинг жана анын жыйынтыгы ЕККУнун Кыргызстандагы кыйноолорду алдын-алуу боюнча долбоорунун бир бөлүгү катары жүргүзүлдү. Ал бийлик өкүлдөрү менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташууну жогорулатууга жана диалог жүргүзүүгө максатталган. Ошондой эле, натыйжалуу колдоо көрсөтүү, маалымдоону жогорулатуу жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу да кирет.