Кыргызстандын орто мектептери рэкетчилик менен күрөшүү иштерин жүргүзүүгө ЕККУнун колдоосу менен чыгарылган колдонмону колдонушат

ЕККУнун Бишкектеги борбору 25-ноябрда Ички иштер министрлигине мектептердеги рэкетчилик менен күрөшүү иштерин жүргүзүүгө колдонмо тартуулады. Кыргыз тилиндеги 850 көчүрмө жана орус тилинде 600 көчүрмө өлкөдөгү бардык орто мектептердин кызматкерлерине жана өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлорго таратылат.
Бул колдонмо ЕККУнун Бишкектеги борбору, «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун жана ИИМдин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында иштелип чыкты. Ошондой эле, быйыл окуучулардын жана мугалимдердин катышуусу менен жүргүзүлгөн талкуулардын негизинде иштелип чыкты.
Аталган колдонмо өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликтин пайда болушу жөнүндөгү маалыматты камтыйт. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана курдаштары менен ишеничтүү мамиле курууга аракеттелген иш-чараларды, оюндарды уюштурууга арналган материалдарды жана сунуштарды камтыйт. Колдонмодо өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлорго керек материалдар, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинен алынган маалыматтар бар.
Колдонмо ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында реформа жүргүзүү программасынын, балдарды коргоо боюнча долбоорунун алкагында чыгарылды.