ЕККУ Кыргызстандагы мектептерге суунун сапатын көзөмөлдөөгө жардам берет
БИШКЕК, 18-ноябрь 2011-жыл – Бүгүн Бишкекте суунун сапатын текшерүү боюнча эки күндүк окутуу курсу башталды. Бул окутуу курсун ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Борбордук Азиядагы регионалдык экологиялык борбору биргеликте уюштурду. Аталган курста Кыргызстандын 20 мектебинин мугалимдери “жашыл химия” жөнүндө окушат.
Буга чейин мектептер ЕККУ жана Япониянын элчилиги тарабынан сууну көзөмөлдөөчү лабораториялар менен жабдылган.
60 тан ашык мугалимдер окуучулар менен биргеликте суунун кирдешин класстарда жана мектептен тышкары өлчөгөндү үйрөнүшөт. Ошондой эле, сырткы жана коркунучтуу заттардын келип чыгышын анализдегенди үйрөнүшөт. Лабораториялар жана окуу материалдары мектептерде “жашыл химия” сабактарында колдонуу үчүн дайындалган.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Фолькер Якоби мындай деди: “Окуучулар бул лабораторияларды колдонуу аркылуу айлана –чөйрө жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өздөрүнүн билимин кеңейте алышат. Мындан тышкары, сууга жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыктарын бийликтегилерге бере алышат. Биз бул нерсе мектептерге пайдалуу болоруна ишенебиз. Ошону менен бирге, жаштарга милдеттенме алууга жана билимин жогорулатууга, Кыргызстандын коопсуздугуна жана экологиялык коркунучтарга каршы турууга жардам берет деп ойлойбуз.”
Борбор Азиядагы Регионалдык Экологиялык борбордун Бишкектеги филиалынын башчысы, Бакыт Сатыбеков мындай деп белгиледи: “ Кыргызстандагы химия сабагы жаңы перспективага ээ болушу керек. “ Жашыл химия” же “туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгындагы химия” - бул коркунучтуу заттардын келип чыгышын жана колдонулушун кыскартуучу, азыктардын иштелмесин жана технологиясына көмөктөшүү маанисине ээ. Анын максаты булганычтарды өз булагынан кыскартууга жана алдын-алууга аракеттелет. Ошондой эле, булганычтарды өзгөчө жана жаңыча ыкма аркылуу кыскартууга жаңы метод иштеп чыгууга максатталат. Эң негизги маселе болуп химиялык процесстердин натыйжалуулугу аркылуу коркунучтуу заттауы кыскартуу эсептелет.”
Аталган окутуу курсу ЕККУнун жаштарды Кыргызстандагы суу ресурстарынын сапатын көзөмөлдөөгө тартуу үчүн арналган долбоорунун алкагында уюшулду.