ЕККУ Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуу программасына “жашыл экономика” курсун кошууга көмөктөшөт
БИШКЕК, 17-ноябрь 2011-жыл – Кыргызстандын студенттери 2012-жылдан баштап “жашыл экономика” жана Суу ресурстарын үнөмдүү башкаруу курсун окууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул билдирүү бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борбору жана БУУнун Өнүгүү долбоору (ПРООН), Борбордук Азиядагы регионалдык экологиялык борбору жана “ЕКОИС” коомдук фонду тарабынан уюшулган конференцияда айтылды.
Аталган жаңы курс айыл-чарба жана ага тектеш чөйрө боюнча билим берүүчү ЖОЖдордун окуу программасынын бир бөлүгү катары киргизилет. Ал теория менен камсыздайт жана сууну натыйжалуу пайдалануу боюнча билимин жогорулатат. Жаратылыш ресурстарын башкаруу Борбор Азияга, өзгөчө Кыргызстанга, анын климаттык жана экономикалык шарттарын эске алуу менен маанилүү болуп эсептелет.
Бул окуу программасы сууну башкаруу боюнча адистер жана Ош, Талас, Нарын мамлекеттик университети, ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин мугалимдери тарабынан даярдалган. Бул курс официалдуу түрдө, аталган университеттердин окуу планына киргизилет жана өлкөдөгү башка ЖОЖдорго сунушталат.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Мамлекеттик Агенттиктен, Билим берүү Министрлигинен, мектептерден, университеттерден, жарандык коомдон 100 дөн ашык өкүлдөр, ошондой эле окумуштуулар жана бүткүл Кыргызстан боюнча суу маселелери боюнча эксперттер катышты. Алар өлкөдөгү экологиялык билим берүү жана суу ресурстарын натыйжалуу башкаруудагы анын ролун, ошондой эле “жашыл экономиканын” принциптерин ишке ашыруу жөнүндө талкуу жүргүзүштү.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Фолькер Якоби мындай деди: “Келечек муундун адистери суу ресурстарын үнөмдүү башкаруунун принциптерин жүрөккө түйүшү керек. Себеби, ресурстарды башкаруу проблемасы чыр-чатакка алып келгичекти, келечектеги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктө болушу керек.”
Борбор Азиядагы Регионалдык Экологиялык борбордун Бишкектеги филиалынын башчысы, Бакыт Сатыбеков мындай деп кошумчалады: “Биз өндүрүүнүн жана колдонуунун салттуу үлгүсүн кайра карап чыгышыбыз керек. Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруунун принциптерин жана технологияларын жогорулатуу жана “жашыл экономикага” жигердүү киришүү үчүн мектептерге жана университеттерге демилге беришибиз керек.Экономиканын бул түрү жаратылышты коргоо жана экологиялык коркунучтарды азайтуу аркылуу жарандардын жашоо-шартын жакшыртат.”